Экс-президент суракка чакырылды

Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсян 2008-жылкы нааразылык акциялары боюнча суракка чакырыла турганы бүгүн маалым болду.  Эске сала кетсек, 2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышып, натыйжада 10 адам каза тапкан. Эми экс-президент ошол кылмыш иши боюнча суралмакчы.

Арменияны  1998-2008-жылдары башкарган Роберт Кочарян 2008-2018 -жылдардагы президент, быйыл апрелде массалык толкундоолордун натыйжасында кызматтан кеткен. Ал Саргсяндын саясий өнөктөшү болгон. Ал эми биздин экс-президенттерди мындай кылмыш иштери боюнча түз чакырууга мыйзам жол бербейт. Анткени, кол тийбестик бар. Белгилей кетсек, президенттерден кол тийбестикти алуу маселеси көтөрүлгөнү менен, ал ишке ашпай келет.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу