Экс-президент Алмаз Атамбаевге кыйыр кат: “Домоктун кылычын” унутпа!

Бул кат жазылбайт деле болчу, кыргызда “Керегем сага айтам, келиним сен ук”- деген макал бар. Ушул макал кайта кайта эске түшүп туруп алды. Себеби 17- сентябрда экс- Президент Алмазбек Атамбаев туулган күнүн белгиледи. “Форум” ишканасына келип ал жерде КСДПнын мүчөлөрү деп аталган топ шаңдуу тосуп алышты. Бул интернет булактарында, “Апрель” телеканалында кайта – кайта көрсөтүлүп жатты.”Сөз келгенде айтпасаң атасы”- өлөт деген макалды жакшы көргөн жаным ошентип ичтеги ойду айтышка туура келди.

Атин дүйнө Алмазбек Шаршенович былтыркы эле ушул күндөгү өткөн туулган күнү менен быйылкыны салыштыра алдын бекен? Эгер салыштырган болсо эмнени көрө алдын? “Форумдун” эшигинин алдынан кимдер тосуп алды? (Айрым булактарда эптеп жалдап ар жактан казганактай аз топту араң  чогултуп барышыптыр- деген да маалыматтар чыгууда. Маселе анда деле эмес.) Катар тизилип желек булгалагандар кимдер? Жалаң эле карапайым букаралар го. Кайда баягы “Азуусун айга жаныган” эл жакшылары? Кайда баягы “Мүйүзү булут челген” саясаттын “атамандары”? Кайда баягы бир учурда өзүң мурдунан жетелеп, көчүгүнөн түртүп жүрүп мамлекеттик нечен чоң кызматтарда иштетип, марытып, байытып, артын депутат кылып, “алтын аяктан суу ичиргендериң”?

Ошол турган карапайым элдин ичинде бир кездеги “Өзүңө өмүр өткүчө тирек болобуз, жөлөк болобуз. Керек болсо жаныды да аябайбыз.”-дегендер көрүнбөйт го. Кызматта турганыңда туулган күнүңдө сени тегеректеген “Эл жакшыларынан” кечөкүдөй  астыңдан чыгып колуңду кармап учурашып куттуктоого тигил карапайым букаралардын кезеги жетчүү беле?  Кыркалакей турса ар бири менен учурашканды кой “Төө басты” кылган кошоматчылардан бошонуп чыгып, балдарың менен учурашууга жетишкен күнүң болгонун кудай билет. “Бийлик колдун кири. Бүгүн барда эртең жок. Асты адамкерчиликтен тайыба.”- деген кыргыз макалын эми түшүнө баштадың бекен?Эгер түшүнө баштаган болсоң жакшы. Жок. Түшүнгүң келбей дагы деле бийликте тургандагы “даражага мастыгың” таркабай, ачууга алдырып чамынып, “Али күчтөн тая элекмин. Опурам-жапырам”- деп жатсаң анда бүгүнкү түшкөн ангегиңден  да терең жарга кулаганы жулунуп баратканың. Президент кезиңде, “Илебиңе нан бышып” оозуңдан чыккан желиң “Тегирмендин ташын айландырып” турганда деле ушундай чындыкты айтчумун. Ошондуктан мендей чындыкты айткандарды жаман көрүп, жектеп жүрдүң.

“Мыйзамдан тайба. Өз билгениңди кылып бир күн билим берүү тармагында иштебеген секелекти министр кылдың, секратарыңды Генпрокурор кылдың. Мамлекетик кызматты оюнчук көрөсүң. Кыргыз республикасынын  Президенттик кызматын менчик фирмаңдын Президенттик кызматындай көрүп алдың”- деп нечен чындыкты жазып жаман көрүндүк. Акыры менин айткандарым туура чыгып так ошол кездеги кетирген кемчиликтериң кекиртегиңе каскак болуп тыгылууда.

Мындай “мадыра баштарды” өтө чоң кызматка көтөргөнүң мамлекеттин эмес күнүмдүк кызыкчылыгыңды ойлодуң. “Булар оозумдан эмне чыкса ойлонбой аткарып турат. Мага ошонусу керек”- дедиң. “Мамлекеттик кызматта иштеп дасыккандарды койсом кайра мага акыл үйрөтүп башымды оорутат”- дедиң. Ошентип коррупцияны гүлдөттүң. Мамлекеттик кызматтың кадыр баркын тебелеп тепсеп таптакыр кетирдиң. Нечен өсүп келаткан жаштардын убалына калдың.

И. Жолдубаева кандай билимдүү, жакшы өсүп келаткан кадр эле. Эгер таза ак нетиң болгондо. “Али жашсың. Төмөнтөн өйдө көтөрүлүп иштеп бышык. Турмуштун өйдө ылдыйын көр”- деп ашса бир обласка прокурор же сот кылып койгонуңда келечекте кандай мыкты кадр чыгат эле. Эми эмне болду?

Өз колуң менен тагдырын сындырган жаштарды бүт санагым келбейт. Асты түрмөдө жатат. Бир эле Сапар Исаковду айталычы. Жаштайынан жогорку чөйрөгө аралашып, бийликтин казанында кайнап бышыгып калбады беле. Бүгүнкү ага тагылган күнөөлөр бүт аныкталса, өмүрүнүн калган бөлүгүн түрмөдө өткөзөт окшойт.Өзүм күбөмүн, тээ алгач ак үйдүн босогосун аттагандан бери сени менен иштешип, айтканыңдан чыкпай келаткан бала эмес беле. Кантип анан сага билгизбей миллондорду кымырган коррупцияга малынды. Эгер Сапардын “Ушунча ичип жегенин билчү эмесмин”- деп актансаң андай сөзүңө ишенер киши чыгаар бекен. Айрым булактарда С.Исаковго 20 миллион долларды кымырган деген күнө коюлганы кеп болууда. Ушунча ири каражатты “кожоюнуна” билгизбей өзү сугунуп коюшу деги эле мүмкүн эмес го. Жакында А.Сегизбаев – деген УКМК мурунку жетекчиси болгон дагы бир балаң “Азаттыкка” маек берип “Жыландын башын кылтыйтты” “ТЭЦ теги иш боюнча коррупция бар экенин билип, Президенттин коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго расимий кайрылганбыз.”- деген кыязда. Демек ТЭЦке корогон каражат. Бир аттиштин баасы 600 доллар болгону сага жашыруун деле эмес экен да. Анткени андай оор ишти Т.Жумакадыров сага айтпай жашырып кое алмак эмес да. Эгер чындыгына келсек А.Сегизбаев андай иш үчүн өзүңө түз кирип маалымат берген болушу керек. Бүгүн жымсалдап, көзү өтүп кеткен Т.Жумакадыровду бетине кармап атат. Болбосо “Белизгейттей” иштерди маңдайыңа отуруп алып өзү маалымат берип жүрсө, мамлекеттин казанасынан милларддаган сом уурдалганын аныктаган чоң коррупциялык ишти катчыга эле берип коюп кетип калмак беле. Андай болбойт да. Сегизбаевдин жомогуна карапайым эл эле ишенбесе, мамлекеттик  кызматта бир ай иштеп калгандар деле сөз төркүнү кайда экенин жакшы түшүнөт. “Экономикалык иштерди талдоого келгенде өзүмдү сууда сүзгөн балыктай сезем”- деген өз сөзүң бар эле го. Кантип анан тээ Бакиевдин учурунда алгачкы түзүлгөн келишимдеги баалар 2-3 эсеге көбөйүп атканын билбей, түшүнбөй калдың?  “Ууру тойгуча жеп, өлгүчө карганат”- деген заманда жашап жатабыз. Көз көрүнө мамлекетти жылаңачтап талап тоногондор, карызга белчеден батыргандар эл арасында уялбай басып жүргөндө  эмне деп сөз айтышты билбей эс оойт экен.

Эгер Сапардай, Айбектей жаштарды аяганыңда, алардын келечегине ак неттен кам көргөнүңдө “Кой балдар силер али жашсыңар. Мындай арам ишке илээшпегиле. Келечегиңер алдыда. Силерден үмүтүм чоң. Арам иш эртедир кечтир ачылып калса тагдырыңар жашыңардан сынып калат”- дейт элен го. Антпедиң да. Кайран балдар бир чети жаштык, курчтук кылып, экинчиден “ Коркпогула бир тал чачыңарды түшүрттүрбөйм”- деген “атасынын” сөзүнө ишенишип жүрүшүп, бүгүн “баланда” ичип саргарып отурушат. Канча үй бүлө көздөрүнөн жаш эмес кан агып сыздашууда. Канчалар бүгүн эркиндикте жүрүшкөнү менен эшик катуу ачылса көздөрү алаңдап “Ичкендери ирим, жегендери желим” болушууда. Себеби бир гана ТЭЦ боюнча камоолор жүрдү. Астыда “Тарых музейи”. “Датка- Кемин” электир чубалгысы, “Кемин” электир чордону, “Түндүк – түштүк” альтернатива жолу сыяктуулар кыймылдай элек. Алар сөзсүз кыймылдайт. Маселен тоннасы 75 миң сомдон турган цемент жөнүндөгү маалымат жөн чыккан жок да. Ай дээр Ажо да, кой дээр Кожо да өзүң эмес белең. Кантип анан ушунча былгыган иштин бирин  билбей маңыроо болуп калдың экен? Кыргызда “Ичээрин ичип, жээрин жеди”- деген сөз бар. Бийлик десе бийликтен арманың калбады. Бир нече жолу депутат бир эмес  бир нече жолу министр, Премьер-Министр болуп, акыры Президент да болдуң. Байлыктын рахатын көрүүдө да арманың жок. Өзүң айткандай Пезидент А.Акаев мине электе “Мерс” миндиң. Кийбегенди кийип, ичпегенди ичип, дүйнөнүн каалаган жеринде чалчаңдап эс алып келатасың. Тигил камактагы али балдары чиедей жаштардын балдарынын убалы кимге?

Атин дүйнө, тээ бир кезде саясатты жаңы аттаган күнүңдөрүндө ошол кездеги “Аалам” гезитинен үнкүрдөгү дүйнөнү көргөндө напсиси бузулуп ажыдаарга айлана бергендер тууралуу придчаны көп окуган элең. Анткени биз көп жазчубуз. Өзүң да эл алдына чыксаң ал придча тууралуу сөз кылып калчусуң. Аны турмушта аныктап “ажыдарга айланган” А. Акаев качты. Качышына өзүң да салым коштуң. К. Бакиев качты. Анын качышына да өзүң чоң салым коштуң. Р.Отунбаеваны “Жалган Пезидент. Эл шайлаган эмес. Убактылуу өкүмөттүн эле 11 мүчөсү шайлап койгон”- деп өзүң айтканыңдай ал эсепке деле кошулбайт. Ошентип эл шайлаган 3- Президент болдуң. Бирок өткөндөрдөн сабак ала алган жоксуң? Балким моюнуңа бүгүн да албаган менен өзүң жогорку придчадагы ажыдарга кантип айланганыңды билбей калдың.

А.Акаевди кандай дасыккан топ курчап турчу эле. Ага “Түшпөс Хансың. Болду бийлик сиздин колдон кетпейт”- дешчү эмес беле. Кантип качканын да билбей калды го. Бүгүнкү күнгө чейин деле жакшы эсине келе албай жүрсө керек. Мунун баарын өзүң күбөсүң го. Көзүң менен көрүп кулагың менен укчу элең го.

К.Бакиев бийликте кандай отурду эле. Максим менен Жаныш “Биз Айдар эмеспиз эки бутуңарды бир кончуңарга тыгып коебуз. Эч ким баш көтөрө албайт. “Чорнйы” да “Краснйы” да, “Бельйы” да бүт уучубузда”- дешкенин өзүң көрүп, угуп жүрчү эмес белең. Эмне болду? Баштан бак тайганда кайда, кантип качаарын билбей калдастап калышты го.

Туура жогоркулардай болуп качпадың. Өз мөөнөтүндө Президенттик кызматты шайлоо менен өткөзүп бердиң. Мунуң бир жолку туура ишиң. Ачыгын эле айталы кыйындыгыңдан кубаланбай алты жыл иштеген жоксуң. Күн санап, “Убакыт жетсе эле Президенттик кызматты өткөзүп берем”- дегениңден эл “Кайта кайта эле Президентерибизди кубалай бербейличи. “Мөнөтүм бүткөндө өзүм кетем”- деп жатат го. Алты жыл чыдап коюлучу”- дешип  ойду- тоону сүйлөсөң да чыдашты. Болбосо Сени кубалап жибериш “сокур ит бок жаганчалык” болмок. Анткени тегерегиңде сени колдоп чын дилинен иштегендер, сен үчүн чындап тике туручулар, жан тарткандар санай келсең беш манжага деле толмок  эмес. Ага бүгүн өзүң деле ишенсең керек.

Дагы да саясатка  илээшкиң келгени тууралуу сөздөр чыгып калууда.Эгер чын болсо бул сенин акыркы жана өтө чоң саясый да турмуш жашоодогу да жаңылыштыгың болмок. Эгер андай аракетиңди токтотпосоң оңбой каласың го. Акча- каражат болсо эле баары чечиле бербейт. Акча баарын чечсе Акаев менен Бакиев качып жүрбөйт эле. Бийлик да баарын чечпейт. Бийлик баарын чечсе кечөкү төрдө отуруп, “Менин кыгыма эч ким куурай сая албайт”- дегендер бүгүн түрмөдө отурбайт эле.  Сенин каражатыңды пайдаланып оюн коем дегендерге ишенбе. Кана баягы микрафон бербей бакырып, “А.Атамбаевге “Ак шумкар” бергиле. Ал баатыр” – дегендер. “СМС да жазбайм”- дептир го. Акчаңды сорот да кылт этип баса беришет. Алар сага чейин деле жогорудагы эки Президентти кантип сызга отургузганын өзүң да билесиң. Качып эле кетпегениң болбосо абалың жогорку экөнөн жакшы деле эмес. “Домоктун кылычы”  үстүңдө илинип турат. Ашыкча кылтыңдай берсең шилтенет. Коррупция менен күрөш башталгандан бери кайсыл жиптин учу болсо да сен жакты көздөй айланууда. Түрмөдө отургандар канчага чыдашат. Чындык кай жагынан каалгып чыгат. Болгону убакыттын гана иши болуп калды. Ушуга кантип акылың жетпесин.

Сөз башынан эле “Сен”- деп кайрылганымды туура түшүнсөң деп ойлдойм. Бир чети жашыбызда болгону бир жаш айырма. Экинчиден 90- жылдын башынан бери таанышпыз. Анда чачтарыбыз капкара болчу. Бири- бирибизди”Сен”- деп эле сүйлөшчүбүз. “Ааламга” байма-бай чыгып саясатчы катары калыптандың эле. Куугунтукка кабылып үнүңдү угузаар бир да маалымат булагы калбай калганда “Аалам” дайым орун берип оюңду коомчулукка жеткизип колдоого алчу эле. Аны кечө бийликте турганыңда ойлогуң келбесе да бүгүн эстешке убактың кенен болсо керек.

Баса окурмандарга табышмактатып кат башында “Керегем сага айтам, келиним сен ук”- деген макал менен баштадым эле. Мааниси бүгүнкү бийликтегилер ушуну окуп калсаңар эске алгыла. Өзүңөр көрдүңөр жогорку үч Президенттин тагдырын. Бийликтин  да байлыктын да манчыркоосу түбөлүктүү эмес. Эл үчүн, мамлекет үчүн таза, ак иштелген иштин,чындыктын мамысы гана түбөлүктүү болот. Өткөндөрдүн сабагын эсиңерге ала жүргүлө- дегеним.

Чолпонбек Абыкеев жазуучу

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу