Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен барабы?

2020-жылы боло турчу алдыдагы парламенттик шайлоонун илеби эмитен сого баштагандай. 6 жыл шопур менен жансакчы, кеңешчилеринин тилин алып, алардын айткан кишилерин депутат кылып, алары тобу менен сатып, эми болсо кеч болуп калган да бармагын тиштеген Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынан ажыраганы калды. Кийинки парламенттик шайлоого эми кайсы партия менен бараары чоң суроо жаратууда.

Саясий кырдаалды күч менен өзгөртүунү каалаган Атамбаев Бабановдун келишин абдан күтүп, анын аркасы менен өлкөгө башаламандык салып, кайрадан бийликке революциялык жол менен келгиси келген. Тилекке каршы андай болбой калды. БӨТ коркконунан келбей коюп, тилегин таш капты.

Андан кийин Өмүрбек Текебаевди камактан чыгаруу боюнча «атамекенчилердин» митингине кошула калайын деп аракеттенди. Бирок «атамекенчилерди» АША өзү мародерчу атка кондурганын эстеп, аларга аралашууга даай албады. КСДП партиясынын болсо кебетеси бул. Ич ара ашмалтайлары чыгып, бири-биринен партиянын печаты менен уставын талашып, эки тараптын тең эч кандай бириктирген идеясы же артынан ээрчите турчу адамы жок, мышык ыйлаарлык абалга жетип калышты. Бул партиянын шайлоого катышары дагы күмөн болуп турат.

Мунун баарын көрүп турган Атамбаев эми эмне кылат – Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстанына» барып кошулабы? Ошондой дагы ойлору бар экенин билермандар айтып жүрүшөт.

Мындан тышкары АША жөн жатпай, шайлоого чейинки мезгилде дагы ар кандай жаңжал чыгарууга болгон аракетин жумшай турганы чындык. «Таягымды көтөрүп алып Форумдан аянтка чейин жөө барганга күчүм жетет» деп элди революцияга үндөгөн адам жөн жатмак беле. Ар кандай чагымдарды ойлонуп жатканынан күмөн санабай эле койсок болот. Анткени өлкөдө канчалык абал олку-солку болуп турса, АША үчүн жакшы. Элсак болуп, бул кишинин арам пландарына аралашпай, колундагы курал болуп калгандан абайлашы керек.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу