Экс-министр Мелис Турганбаев дүйнө чемпионатында коло медал алды

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев күрөш боюнча спорт ардагерлери арасында өткөн дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Македониянын борбору Скопьеде өткөн мелдеште экс-министр 50-60 жаштагы спортчулар арасында күрөшкө чыккан. Ал алгач орусиялык жана украиналык балбандарды жеңип, бирок франциялык ардагер спортчуга утулуп калды. Ошентип Турганбаев коло медал тагынды.

Мелис Турганбаев буга чейин 2016-жылы Польшада өткөн чемпионатта да коло байге ээси болгон.

56 жаштагы Турганбаев 2014-2016-жылдары ички иштер министри болгон.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу