Экспертизанын жыйынтыгы Азимбек Бекназаровду абакка отургузабы?

Акыркы убакта интернетте Азимбек Бекназаровдун видеолору желдей тарап ар-кимде ар-кандай ойлорду жаратты. Биринчи тараган аудио жаздырууда, Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаров камактагы «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда берген көрсөтмөсүндө «каарандай калп көрсөтмө берип чыктым»,- деп бири- бирин колдоп отургандагы маек болгон.

Өздүк булактарыбыз кабарлагандай: Дал ушул аудио жаздыруунун монтаж же монтаж эместигин текшерүү үчүн, атайын экспертизадан өткөрүүгө бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда Казакстанга  кеткен эксперттер, жакынкы  күндөрдө жыйынтыкты чыгарып алып келишет экен. Эгерде эксперизанын жыйынтыгы «монтаж эмес» болсо, анда Азимбек Бекназаровду абак күтүп турат.

Ошондой эле  comment.kg сайтында берип жаткан маегинде да Азимбек акебиз камеранын өчүрүлбөй калганын билбей калып, маек соңунда өзүнүн саясий өнөктөштөрүн жамандап, аларды камаш керек экенин билдирип, саясий аренада аппак адам көрүнүп  өз бет кабын өзү сыйрып алды көрүнөт.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу