ЭКСКЛЮЗИВ- Ырчы Анжеликага жолдошу Урмат бир нече талаптарды койду.

Кыргыз шоу-бизнесинде көп талкууну жараткан түгөйлөр ырчы Анжелика менен жолдошу Урмат Бекболиевдер азыркы тапта мыйзамдуу ажырашуу алдында турушат.

Жубайлардын ажырашуу жөнүндөгү арызын Сот 6-мартта караган. Ал эми мыйзамдуу ажырашуу Соту 24-мартта болмокчу.

Сотко чейин Анжелика менен Урмат өз алдынча сүйлөшүп, кеңешип жаткандарын кулагыбыз чалып калды.

Анан да ырчы айымга жолдошубир нече талаптарды коюп жатканын биздин ишенимдүү булактар билдиришти. Дин жолуна түшкөн Урмат Анжеликанын жабык кийинип жүрүүсүн, кыздары менен көбүрөөк алек болуусун ж.б талаптарды койгон. Ал эми ырчы айым Урмат мырзанын талаптары боюнча кандай чечим кабыл алганы азырынча белгисиз.

Эгер жубайлар бири-бирине койгон талаптарын аткарышса, ажырашпай калуулары толук мүмкүн экендиги айдан ачык кеп…

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

Жаңылыкка бол

Аргумент.kg
Жооп калтыруу