ЭКСКЛЮЗИВ — Орусия-Светлана Лобода, ырчы: “Кыргыз жигиттеринин арасында эрки күчтүүлөрү болсо, барганымда кезиктирип калаармын… ”

Ийгиликтүү, сулуу, бай, сексуалдуу жана таланттуу. Кыскасы, Светлана Лободада баары бар. Бирок, жеке жашоосунда бактысыз айым. “Ийгиликтин эки бети бар” деген кеп жөн жерден айтылбаса керек. Себеби, канчалык атактуу болбо анын баарын жалгыздык жеңип коёт. “Сенин көзүң” аттуу ыры менен учурдун мега ырчы айымы аталган Светлана биз менен маектешип олтуруп, кызына көңүл бурганга, мырза менен мамиле түзгөнгө убактысы абдан тар экенин баса белгилей кетти.

— Салам, Света! Атактуулуктун туу чокусуна жеткениңди сезип жатасыңбы?

— Салам! Мен абдан кубанычтамын сиздер менен баарлашып жатканыма. Азырынча мен атактуулуктун эмес, элдин мага блогон сүйүүсүн көбүрөөк сезүүдөмүн. Себеби, кайда барбайын концерттерим аншлаг. Көрүүчүлөр мени менен бирге ырларымды аткарышат. Бул чексиз бакыт!  

— Жеке ырчы катары иштеп жатканыңа аз убакыт болду. Кыйынчылыктар барбы?

— Топто ырдаганга караганда жеке ырчы болгон эркиндик. Эркин кемеде сүзгөн эң жакшы. Ал эми кыйынчылыктар болбой жаткан жок, болууда. Бирок, анын баарын продюсеримдин жанан өзүмдүн командам менен жеңүүдөмүн.

— Буга чейин “Виа ГРА” тобунда эмгектендиң эле. Ал жактан сенин үмүттөрүң акталганбы?

— Мен топко барганда Надя Грановская жана Вера Брежнева экөө ырдашчу. Жумушка киришкенде Надя менен Вера мени абдан жылуу кабыл алышкан. “Дедовщина” деген нерсе бизде болгон эмес. Үчөөбүз иштеп жүргөн маалда уктаганга жетишчү эмеспиз. Тыгыз графиктен улам бул жашоо меники эмес экенин түшүнүп, жалгыз иштөө тууралуу көп ойлонуп калгам.

— Анан? Продюсериң менен конфликт болгонбу?

— Костя менен эч кандай конфликт болгон эмес. Ал абдан жакшы адам. Жөн гана биздин кызматташуудан эч нерсе чыкпаарын байкаган. Мени туура түшүнгөн жана жолумду ачып коё берген.

— Жакында эле сени Астана шаарынан чакан иш чарадан көргөн элем. Кыргызстанга келүү тууралуу ойлруң барбы?

— Туура айтасыз. Астанага барганым чын. Абдан меймандос, жагымдуу калкы бар өлкө экен. Мага абдан жакты. Ал эми Кыргызстан тууралуу сизден уктум. Буюрса, жакындан таанышам. Ал эми чакыруулар болсо, сөзсүз баш тарпай барууга даярмын!

— Учурда жүрөгүң бош экенин билем. Жаңы сүйүүңдү жолуктуруу тууралуу ойлор барбы?

— Азырынча мен андан уул төрөй турган татыктуу мырзаны кезиктире элекмин. Баары ойлошот, ырчы айымдардын баарынын артынан эркектер сагалап жүрөт деп. Бирок, баары андай эмес. Мен чын дилден ишенем- тагдыр мага да жылмаят деп. Балким, кыргыз жигиттеринин арасында эрки күчтүүлөрү болсо, барганымда кезиктирип калаармын..

Булак: nazarnews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу