Бүгүн, теле алып баруучу Максат Довранов ырчы Сайкал Садыбакасова менен турмуш курган соң, жеке жашоосундагы кырдаал боюнча «Бизде баары жакшы. Айрым журналист кесиптештер аябай кыжаалат: «Чогуу түшкөн сүрөттөрүңөрдү эмнеге киргизбей жатасыңар? «- деген болуп ЖЕКЕ жашоого киришип кетип жатат.
Тойдон кийин да, тойдо бизди колдоп келген досторубуздун видеолорун чыгарып жана эже-синди жаңжалдашты деген ойдон токулган маалыматты таркатып ошону менен бирге мага тиешелүү өткөн кеткенди козгогонго да жетишип жеке өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып койгондой. Жазып жатканда адам тагдырын, келечегин ойлоп коелу»- деген комментарий берди.
Маржан Назарбаева, NazarNews.kg