ЭКСКЛЮЗИВ — Казакстан — Мадина Садуакасова, ырчы: “Мурдагыдай ээн-экрин басып, каалаган жагыма кете албай калдым”

Казакстандын шоу-бизнесинде өзгөчө сый-урматка ээ болгон булбул үндүү, назик жана келишимдүү Мадина Садуакасова аттуу ырчы айым бар. Чыгармачылыктын чыйыр жолуна кадам таштаганы жеке жашоосуна көңүл бурбай бир топ жыл эмгектенип келген. 2015- жылы турмушка чыгып, уулдуу болуп бир жылдык тыныгуудан соң сахнага кайтып, элине жеке концертин тартуулаган Мадина менен чыгармачылыгы тууралуу азын-оолак кеп кылдык.  

— Мадина, айымдардын организми төрөттөн соң жаңыланат деп коюшат эмеспи. Бул нерсе сизде байкалдыбы?

— Ооба, бул кеп чынында туура экен. Мен өзүмдү жаңы төрөлгөндөй сезип жүрөм. Терим оңолуп, чачымдын структурасы да жакшы жакка өзгөрүлүп калды. Күч, энергия көбүрөөк болуп калды.

— Төрөттөн соң формаңызга кантип келдиңиз?

— Көз жарган соң мен абдан семирип кеткенимди жашыргым келбейт. Ачыгын айтсам, эмнеге толуп кеткенимди түшүнбөйм. Өзүмө йоганын эшигин ачтым.

— Жеке жашооңуздагы чоң бурулуштардан соң, бир топ эле өзгөрүлгөндөйсүз…  

— Ооба, жашоом абдан өзгөрүлдү. Үй-бүлөнүн, наристемдин жоопкечилигин билем. Мурдагыдай ээн-экрин басып, каалаган жагыма кете албайм. Бир топ нерселерди өзүм чечпейм. Бирок, абдан бактылуу аялзаты боло алдым.

— Сахнага кайткан соң, тынымсыз эмгектенип бир да той-концерттен калбай, жарнамаларга түшүп жатасыз. Баардыгына кантип жетишүүдөсүз?

— Баардыгына жетишүүгө түрткү болгон бул менин сүйүктүү жолдошум. Мени менен иштеген өз командам бар. Ар бир күнгө план коюп, тынымсыз иштеп жатабыз. Сахнаны, элимди мурдагыдай иштегенди абдан сагынып калыпмын. Кайрадан ошол мүнөттөгө кайтып келип калганыма абдан кубанычтамын.

— Тыныгуу учурунда унутулуп бара жатканыңызды сезип жаттыңызбы?

— Жок. Азыр интернеттин заманы болгондуктан, үйдө олтурсам да жаңылыктарым менен бөлүшүп турчумун. Көп жерге чакыруулар тынымсыз түшүп турчу. Бирок, кош бойлуу болгондугума байланыштуу бар тартчумун. Элиңе татыктуу эмгек кылсан, эч качан унуталбайт экенсиң.

— Алдыга кандай пландарды коюп жатасыз?

— Жаңы ырларды жаздырып, чет жерде клиптерин тартырууну пландап жатабыз.

— Кыргыз сахнасында өз талантыңызды көрсөтүүнү каалайсызбы?

— Албетте. Кыргыз-казак бир тууган деп бекеринен айтылган эмес. Кыргызстан тууралуу маалыматым бар. Кудай буюрса чакыруулар болуп калса, кыргыз сахнасында талантымды тартуулаганга кызыктармын.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу