ЭКСКЛЮЗИВ: Ахматбек Келдибеков, Алмазбек Атамбаев тууралуу “чындыкты” айтты…

Ахматбек Келдибеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу басма сөз айдыңында айтылып жаткан имиштерди тактоо максатында баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

—Ахматбек Келдибекович, бир нерсени тактоо максатында суроо узатайын дедим эле. Айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда, “мурдагы президент Алмазбек Шаршенович, Келдибековдон кечирим сурап, өзүнө тартып алып, ич ара сүйлөшүүгө барыптыр” деген маалыматтар тарады. Ушул сөздун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

—Биринчиден, саясатта жүргөндөн кийин жакшы санаалашың, каршылашың жана оппоненттериң болот. Ар кандай “имиштер” тарайт. Сени аксаткысы келгендер атайылап чындыкка дал келбеген, оюңа келбеген имиштерди таркатат. Бул сөздү да ошондой максатта таркатышкан окшойт. Мен Алмазбек Атамбаев менен кечирим тууралуу сүйлөшмөк тургай аны менен жүз көрүшпөгөнүмө алты жылдан ашты.

Тактап айтканда, спикерлик кызматтан кеткенден бери экөөбүз кол алышып, жүз көрүшүп саламдаша элекпиз. Кыргызстан алакандай эле мамлекет. Кудай буюрса, качандыр бир кездерде Алмазбек Атамбаев менен аш-тойдо жолугушуп калабыз го деп ойлойм. Ошондо Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшмөк түгүл ага суроо дагы бербейм. Мага Атамбаевдин көзүн тике карап алуу гана жетиштүү болот.

—Демек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолуга элексиз?

—Айтылган сөздөр кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы. Ким, Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп жатса өздөрүнөн сурасын. Ал киши менен кимдер жолугушуп жатканын билбейт экенмин. Атамбаев менен жолугушуу оюмда дагы ниетимде дагы жок.

—Саясатчылардын арасында Алмазбек Атамбаев, Ахматбек Келдибековдун жакшылыгын билген жок, ага кыянаттык кылды дешет…Эмнеге минтип айтышат?

—Эмнеге антип айтышканы мезгили келгенде билинээр… Билинбесе аны айтып, төш кагып, мактанбайм. Атамбаевдин мага кылган кыянаттыгын, мага карата жасаган аракеттерин мен Кудайга койдум. Кудай баарын көрүп турат.

—Жергиликтүү ММКларда “Атамбаев Келдибековду кучактап, бетинен өөп, өмүр бою жакшылыгыңды унутпайм дептир. Ошону менен коалицияны бузуу, Атамбаевди тактан кетирүү маселеси тамам болгон. Атамбаев — ​Келдибековду, Текебаевди, Ташиевди — ​ага жакшылык жасаганы үчүн, анын бийлигин бекемдегени үчүн куугунтукка сүрүп, түрмөгө чейин отургузду”, деп жазышууда. Эл арасында айтылып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бетиңизден өөп, рахмат айтканы чынбы?

—Бул – чындык. Атамбаев, колун жүрөгүнө коюп рахмат айткан. Бул жөнүндө өзүм дагы айтып келгенмин. Ал мезгилде коалициялык көпчүлүк түзгөн келишимди 3 жылга түзгөнбүз. 3 жылга жигитче кол коюп түзүлгөн келишимди президент болуп шайланып келгенден кийин бузат деп, мен эч качан оюма дагы кеткен эмес. Ошол президент болгуча коалицияны бузуп, Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыктан кетиши керек болгон. Бул боюнча өзү жана депутаттардын көпчүлү билет. Мен бөлүнүп-жарылып турганда, колунан жетелеп жүрүп, жараштырып коалицияны сактап калганмын. Ошондо Алмазбек Атамбаев мага ыраазы болуп, кучактап: “бул жакшылыгыңды эч качан унутпаймын” деп айтканы — чындык. Роза Отунбаеванын маегинде айтылганы туура.

—Алмазбек Шаршенович менен ортоңуздарда мамилеге кандайча жарака кетти?

—Мен бүгүнкү күнгө чейин Алмазбек Атамбаевдин мага кылган кыянаттыгына жооп таба албай жүрөм. – Эмне себептен мага Атамбаев кыянатчылык кылды? Убагы келгенде  буга да тарых тастыктап өзүнүн жообун берет деп ойлоймун. Себеби, мага коюлган күнөөлөрдүн баардыгы суу кечпейт. Бир нерсени айтып кетишим керек “бийлик соттордун ишине кийлигишпейт” деп Атамбаевдин айткандарынын баары калп. Соттор,  Ак үйдөгүлөр менен ич ара сүйлөшкөндө, “кимдин түздөн-түз мага “буйрук” берип жатканы” тууралуу баарын ачыкка чыгарган. Эң биринчи адам, өзү түздөн-түз кийлигишкени тууралуу менде толук далилдер жана маалыматтар бар.

—Саясатчы катары азыркы бийликке көз карашыңыз…

—Жаңы президент шайланды. Президент Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө иштеп жатат. Менин саясатчы катары айтаарым, эгерде чындап КР Сооронбай Шариповичди Атамбаев жана анын командасы колдосо, бүгүн президентке тоскоол болбой ага жардам бериши керек. Эгерде жардам бергенди ыраа көрбөсө, анда президентке тоскоолдук кылбашы керек. Сын-пикир айтканга  дагы моралдык укугу жок. Сын-пикирди президентти шайлаган эл айтса болот. Өзүнүн учурунда “тоону томкоруп” койгонсуп азыр сын-пикир айтыш бул туура эмес.

—Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу