ЭКСКЛЮЗИВ- Актриса Алиша Диа жолдошу менен ажырашып кеттиби?

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрь күнү кыргыздын бир нече кино тасмаларында роль жараткан актриса жана ырчы Алиша Диа өзүнүн 8 жылдан бери сүйүү мамилесинде болуп келген жигити Бакыт Бегалиевге турмушка чыккан эле.

Буга чейин шоу-бизнес чөйрөсүндө актрисанын жолдошу менен ажырашып кеткендиги тууралуу күбүр-шыбыр кептер айтылып келген.

Бирок, биздин редакция бул маалыматты тактаганыбызда түгөйлөр чынында таарынышып, эки ажырым жолго түшүшкөндөрү белгилүү болду.

Учурда актриса жолдошу Бакыт мырзанын жарашуу тууралуу сунушун четке какпай ойлонуп жүргөн чагы экен.

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу