ЭКСКЛЮЗИВ- Айпери Кубик кызынын экс-жолдошу кимге үйлөнөт?

Атасынын жолун улап, чыгармачылыктан өз ордун тапкан ырчы айым Айпери Кубик кызы турмуш жолуна аттанып бир уулдуу болгон соң, жолдошу Нарулан менен ажырашып кеткен эле.

Учурда Айпери айым уулун жалгыз бой тарбиялап, ырчылык өнөрү менен кызуу эмгектенүүдө. Ал эми биздин ишенимдүү булактарга таянсак, ырчы айымдын экс-жолдошу Нарулан өз кесиби менен алектенип, бойдокчулук менен кош айтышууну пландап жаткан мезгили экен.

Биз буга чейин Нарулан мырзаны бир сулуу селкини жандап жүргөнүн үч ирет көргөн элек. Демек, биз жаңылбаптырбыз…

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу