Экономист Жумакадыр Акенеев дүйнө салды

Экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 15-августта көз жумду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Базарлар, соода жайлары жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. Ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 50дөн ашык илимий эмгек жазган.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу