Эки ырчынын чыры. Гүлнара Калдарова: «Кудайым эки жүздүүлөрдөн өзүң сакта…»

Эки ырчынын, тактап айтканда Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын чыры дагы да уланууда. Айтайын дегенибиз бир кездерде эки ырчы менен  бир болуп жүргөн «Кыз Бурак» тобунунун мурунку ырчы кызы Гүлнара Калдарова төмөнкүчө билдирүү калтырды.

Анда, «Аллахым ар бирибизге ыйман берсин. Кудайым эки жуздүүлөрдөн өзүң сакта. Мактоо бир гана жаратканга жарашат», -деп жазып баарына аманчылык каалады.

Мындай билдирүүнү  окуган интернет колдонуучулар, «Сөздүн маанисин түшүндүк», «Түшүндүк ташты кай тарапка ыргытканыңызды», «Айжамалдын кеңешчиси»- деген өңдүү божомолдорун жазышса, айрымда, «Өзүнөрдү кармагыла, акылдуулук баарын жеңет»-деген сындуу пикирлерин жазып калтырышууда.

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу