Эки ырчынын чыры. Айжамал Кабылова: «Кенже эже сиздин куулугуңузду билпептирбиз. Көрсө…»


Эки ырчынын чыры азыр да күчүндө. Ырчы Айжамал Кабылова өздүк баракчасына төрт бөлүмдөн турган билдирүү калтырып өз оюн төмөңкүчө жазып, жазылуучуларына бөлүшкөн. 

Ырчы айымдын билдирүүсү өзгөртүлбөй берилди. 

1-бөлүк

Айжамал Кабылова:Бир жумада Сиз менин гана душманым эмес жалпы «Кыз-Бурактын» 330 кызынын жана устатыбыздын душманы экениңизди далилдедиңиз. Улуулар, сизди жакшы тааныгандар: Г.Садыбакасова, А.Нарбаева, К.Маматкулова, А.Жээнкулов, Н.Койчумановалардын «Кой», «Токто», «Постторду алып кой» дегендерин укпай койдуңуз. Өзүңүздүн баягы ээн баштыгыңызга салып, эч кимдин тилин укпай, өзүм билемдигиңизди дагы бир жолу көрсөттүңүз. «Мен сизге теңелбейм, пост жазбайм»-деп айткан элем, бирок сиз сүрөтү, аты-жөнү, дареги жок фейктериңиз менен мени, устазыбыз КРнын Эл артисти Г.Садыбакасованы, Кыз-Буракты, Гүлнара эжени, Сайкалды жамандап, каралап обройго шек келтирип устазды сыйлабаганыңызды, өзүңүздү өстүрүп чоңойткон, өнөргө үйрөткөн, бүгүнкү жеп жаткан наныңызга ээ кылган. Кыз-Бурактын атын булганыңызды көрүп туруп жазбай кое албадым. Мен сизге окшоп көп майдаланбайын. Болгону сиздин жазгандарыңызга бирден, экиден эле мисал жооп жазайын деп чечтим. Урматтуу Садыбакасова Гүлшайыр эжеке, устаз, Сизге айтпай туруп ушул постту чыгарганым үчүн кечирим сураймын?!
Анда кеп учугун баштайлы. Сиз мени унутканмын дедиңиз. Жок унута албаптырсыз! Жолуккан жерде, тойлордо, концерттерде каарыңызды, заарыңызды чачып, ары-бери түртүп, микрофон талашып, сөгүнүп жүрдүңүз. 2018-жылы менин агамдын кызынын тоюнда эмне кылыктарды көрсөткөнүңүз эсиниздеби? Асель Касымованы, Жайнагүл Тентиеваны чакырып алып, «Айжамалга эмнеге кошулуп жүрөсүңөр»- деп чыр чыгарып, мушташканыңызды азыркы күнгө чейин тамадалар шылдыңдап айтып жүрүшөт.
Мени унута албай койдуңуз! ТВ. радиолорго барганда эфирден сырткары диджейлерге мен жөнүндө жаман сөздөрдү айтып, артисттердин арасында ушактап, эки сөзүңүздүн биринде мени шыбап жүргөнүңүздү байма бай айтып турушту. Баса, мени мектепте катуу тарбиялап, аябай жардам берип, жогорку окуу жайда окутуп, күйөөгө да өзүңүз берип жибериптирсиз. Анда ошого токтололу! Мени Оштогу К.Маркс мектебине Г.Садыбакасова сүйлөшүп киргизген. Орус класс болгондуктан ооба, мен башында аябай кыйналганмын. Орусча окуй албай 9-11 гана кыргыз класска которушкан. Мугалимдердин жакшылыгынан окууну эң жакшы бүтүргөм.
Уландысы бар…

2-бөлүк

ОШМУнун музыка факультетине өз күчүм менен өтүп, ийгиликтүү аяктаганмын. Сиз көтөрүп келип мага берген гүлдү Гүлшайыр эже акча берип, «мен бошобой калдым, кызды куттуктап кел»-дегенинен, сүйлөнүп жатып араң келгенсиз. «Жан-жан»-деген ырым менен тааныла баштаганымда дароо эле Кенже Дүйшеева деген айымдын бут тосууларына кабылдым. Эл токтобой кол чаап, кайра-кайра ырдаткан күнү менде күн жок эле. Кенже эженин заары чачылып, кыйкырып, өкүрүп баарыбыздын бутубузду бир өтүккө тыкчу. Ошол кезде Ыссык-Көлдө гастролдоп жүргөнбүз. Айжанга мени, мени Айжанга көз көрүнөө тукуруп, экөөбүздү күндө уруштуруп, рахатын тартчусуз. Ыссык-Көлдөгү гастролдо ачка калган күндөрдү айтпай эле койойун. Ал өзүнчө бир китеп болот. Баарыбызды урушуп, тилдеп, тажатып, ачка калтырып… сизди көргөнгө көзүбүз калган эмес. Баса, эсиңизде калбаган окуянын чын төгүнүн айта кетейин. Мен качканда жалгыз мен эле эмес Кыз-Бурактын дагы 5 кызы Чолпон Ажиева, Аина Исакова, Рахат Жумабаева, Асель Касымова, Каным Кожоева болуп качканбыз. Бир жумадан кийин Папандан үйгө келсем Гүлнара эже экөөңөр келип, сиз менден кечирим сурап, ыйлап «менин апам, атам өлдү, менин сенден башка сүйөөнөр эч кимим жок, азыр мени менен кетпесең болбойт, Гүлшайыр эже мени үйгө киргизбейт, Айжамалды таап келбесең Кыз-Бурактан кетесиң деди»- деп ыйлагыныңыз үчүн боорум ооруп, атам-апам барбайсың десе да сиз менен кеткенмин. Көрсө Гүлшайыр эже «Айжамалды уруп-согуп, кордоп жүрүп кетирдиңби, эми кайра алып келбесең, топтон биротоло кетесиң»-деп сизди үйүнөн айдап чыккан экен. Бул окуяны кыздардын баары далилдеп береерин билесиз…
Эфирге чыгып сүйлөөнү үйрөнүү сизден мага эстафета катары өткөн эмес. ТВда, радиодо, гезитте интервью бергенди баарыбыз тегиз билчү эмеспиз. Гүлшайыр эже интервьюлардын суроолорун өзү түзүп, жоопторун өзү жазып берип ТВ, радио, гезиттерге жиберчү. Кээде сиз үчүн, сиздин ордуңузга гезиттерге жооп берип, сизди акылдуу, баам-парасаттуу, билимдүү кылып көрсөтчү?! Адамдык сапат жөнүндө сүйлөптүрсүз. Ошол сапат өзү сизде барбы?! Уландысы бар…

3-бөлүк

Гүлшайыр эже бизге кылбаган жакшылыктарды, сизге көбүрөөк кылган, биз жебеген тамактын түрүн сизге көбүрөөк жедирген, биз кийбеген кийимдин түрүн сизге кийгизген, бизге караганда шоу бизнестин сырын сизге терең үйрөткөн. Ош шаарынын эң кымбат Венеция ресторанында күйөөңүз өткөрө албаган тоюңузду өз каражатына өткөрүп берген, Кыз-Буракта көп жыл иштеди эле деп жаны Мерседес-Бенз-320 үлгүсүндөгү авто машинасын тоюңузда сизге белекке берген. Айылдагы үйүңүздү өз каражатына оңдоп, түзөтүп, ремонттоп адам жашай турган шартта куруп берген. Сизге апа ордуна апа болгон, устатыңыз, сырдашкан эжеңиз, жетекчибиз Гүлшайыр эженин «тузуна түкүрүп» басып кеткениңиз адамдык эмес, айбандык сапатка кирсе керек! Сиз, жезде менен Бишкекке келгениңизде, үйүңүз жок талаалап калганыңызда, Гүлнара эженин үйүндө 2 ай, менин үйүмдө 2 ай жашап, тузубузду ичип тайраңдап жүргөнүңүз да биздин адамдык сапатыбызга кирсе керек!
Чыгармачылыкта жардам берген элем деп айтыптырсыз… Кудайга тообо кылыңыз. Баарыбыз Кыз-Бурак өлкөсүнөн чыгып кеткенге чейин бир эле Гүлшайыр эженин айткан дегени менен жашаганыбызды унуттуңузбу? Бүт чыгармаларымды Гүлшайыр эже тандап берчү, бий бийлегенди Сизден мурда өздөштүргөнүмдү жакшы билесиз. Эгерде музыкалык билимиңиз болуп калганда вокалдан окутуп, ырчы кылганмын деп алмак экенсиз!!! АГКны түзүүнү биз эмес, сиз сунуштагансыз. Себеби Сизге акча суудай керек болчу. Куулугуңузду билбептирбиз. Кыз-Бурак деген атыбыз менен затыбызды пайдаланып акча табаар жолун тапкан экенсиз. «АГК»ны түздүңүз, пайдасын сиз көрдүңүз. Барган тойлордон түшкөн гонорардын 30 пайызын бизге, 70 пайызын өзүңүз уурдап алып жүргөнүңүздү билип калдык. Ортодо жанжал чыкты. Ошону үчүн сиздеп качып кутулууну туура көрдүк. Үй-бүлөмө аралашканыңыз чын Кенже эже. Эгерде менин тарабымды талашып, күйүп-жанып, бир туугандай болгонуңузда үй-бүлөм бузулбайт эле. Мага бирди сүйлөп, Азаматка башканы сүйлөп, арабызды алыстатканыңызды моюнга алаарсыз…
Уландысы бар…

4-бөлүк
Мен үй-бүлөмдү сактап калыш үчүн, балдарымды атасыз калтырбаш үчүн, мен жасабаган нерселерди да жасадым деп моюнга алганым чын. Аны тана албаймын. Сиз Азаматка кайра-кайра «Айжамалды көптүрдүң. Жылда чет өлкөгө алып барасың үйдү, машинаны сат, акча салбагын» — деп сайрап жатып менин үй-бүлөмө киришкенсиз. Азамат сиздин сөзүңүзгө кирип баарын сатып, эки балам менен көчөгө таштап, талаалатып койгону эсиңиздедир…
Жакшылыкты шам жагып жерден, көрдөн ийне сымал издебейт! Жакшылыкты адамдын жүрөгүнөн, акыл-эсинен издейт. Сиз кыйын экенсиз, анда сизди адам кылган, өстүргөн, өнүктүргөн устатыңызга жакшылык кылып бизге үлгү көрсөтпөйсүзбү? Ийилип келип эжеден кечирим сурап, кылган күнөөлөрүңүздөн арылбайсызбы? Андайга сиздин эркиңиз жетпейт! Ичи тардыгынңыз, көрө албастыгыңыз, кара ниетиңиз Сиздин жашоонузга кедергисин тийгизе берет. Гүлшайыр эжени сизге биз тукурбай эле, тескерисинче сиз биздин башыбызды айлантып «Гүлшайырдын көзүнө көрүнүшүбүз керек, талкалашыбыз керек»- деп үйрөтүп, отурсак-турсак мээни чаккан ушул сөздөрүңүздү уга берип, аягында ээрчип кеткенибиз чын. Бирок кеч болсо да эсибизди жыйнап, акылга келип эжеден кечирим сурадык! Сиздин тоскоолдугуңузга карабай Гүлнара эже эже менен таптакыр байланышын үзгөн жок. А мен болсом сизди таарынып, капалантып албайын деп, көңүлүңүздү карап, жолдошум Азаматтын «Сен Кенже эже тарапта болушуң керек»-дегенин угуп эже менен катташа албаганым ырас. Сиздин бетиниңизге караганда, бизди бетибизде «уят» деген сезим жашайт Кенже эже! Гүлнара эже экөөбүз турмушка чыгып кеткен соң, сиз деле «Кыз-Буракты» мурдагы деңгээлге жеткире албай, бир да көрүнүктүү ырчы кызды чыгаралган жоксуз. «Кийинки муундун кыздары силердей болбоду»-деп ыйлагандарыңыз дагы эле Гүлнара эже экөөбүздүн эсибизде. «Кыз-Буракты» сиз эле «Кыз-Бурак» кылгандай тантырай бербеңиз. Кыз-Бурак 1976-жылы Сиз 2 жашта экениңизде түзүлгөн. Сизге чейин 250 дөн ашык таланттар иштеп, топту дүңгүрөтүп анан ошол даяр тамакка биз келгенбиз. Кыз-Бурактын өнүгүүсүнө жаштыгын, ак эмгегин өмүрүн арнап, акча каражатын сарптап сизди, мени жана башка кыздарды тарбиялаган жетекчибиз Г.Садыбакасова экендиги тана албайбыз!
Катаасын же күнөөсүн эч качан моюнга албагандык, докчулук, мытайымдык, кара мүртөздүк бул сиздин жашооңуздун маңызы. Өз кызыкчылыгыңыз үчүн жалганды чынга айлантып, бирөөнүн жасаганын мен жасадым деп менчиктештирип алмай адатыңыз 45 жашка кирсеңиз да калбады. Сөөмөйүңүздү койкоңдотуп, чындыкты сүйлөмүш этип, бирок ичиңизде жашырынган арамдыгыңыз менен кошо жашап жүргөнүңүзгө боорум ачыйт. Сиз баарыбыз менен катышып, баарыбызды ынтымакташтырып, баарыбыз Гүлшайыр эжебиздин жанында жүрсөк жалпы кыргыз элине үлгү, өрнөк болмокпуз. Бирок көөдөнүңүз жакыр, көрөңгөңүз тайкы экен Кенже эже, амбициясы асманда түшпөй, бул жакшылыкка кадам жасай албадыңыз… Пейилиңиздин жамандыгынан Кыз-Бурактын бир кызы менен катышпай калганыңыз өтө өкүнүчтүү. Бул дүйнөдө Сиз үчүн мындан артык каттуу жаза болбосо керек!!!

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу