Эки фронтто ойногон Дамира Ниязалиевада бет барбы?

Тилинен башка ырыскысы жок жарандардын катарын толуктаган Дамира Ниязалиева деген айым Саламаттыкты сактоо министрлигин мелжеп, устуканга үмүт артып жатканын эшиттик.

Мунун бийликке болгон сүйүүсү бүтпөдү беле? Же элди көрбөйт деген таризде кылгылыкты кылып былгытып, кыл жип менен бууп чаргытып, койгон бети калыңдарга баары боло береби?

Дегенибизи, бул айымда бет деген нерсе болсо азыркы жетекчилерден алыс жүрмөк. Себеби, шайлоо маалында Сооронбай Жээнбековду ачык колдой албай, бирок шайлоонун жыйынтыгы чыкканда штабка чуркап барып Жээнбековдун колтугуна баштын тыгып калганы кандай?!

Башкасын айтпаганда дагы, Ниязалиеванын кичи мекени катары айтылып келген Жумгал районунун Арал айылындагы Дамира айымдын ишеимдүү адамдары Бабановду колдоп жүрүштү го.

Жыйынтыгында так ошол аралдан  Бабанов утуп чыкты го. Эгер ниети түз экени чын болсо анда Арал айылынын шайлоочуларын  С.Жээнбековго буруп койсо болмок.  Уялбайт экен да. Кайсы бети менен президентти жандай чаап, бийликтен үмүт артып олтурат…

Булак: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу