Эки тоонун чөбүн эңсеген Кылычбек Султанов АША айтмакчы «талтайып» турабы?

«Супер инфо» гезитинин, «Супер.кж» сайтынын ээси Кылычбек Султанов аттуу жигит бар. Ал адегенде жалаң кроссворддордон турган гезит чыгарып жүрүп, акыры ушул шоу чөйрөсүн көбүрөөк чагылдырган «Супер инфо» гезитин түптөп чыккан. Ушул гезиттин арты менен аты да белгилүү болду. Анан 2010-жылдан кийин «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаевдин этегине эрмешип жүрүп, социалдык өнүктүрүү министрлигин азыраак убакыт жетектеди. Ал жумуш колунан келбесин сезген соң, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп кеткен. Ошентип жакшы эле Текебаевдин пайдасын көрүп атканда, капысынан ал темир тор артына отуруп калды.

Тактап айтсак, экс-президент А. Атамбаев менен Ө. Текебаевдин ортосундагы тирешүү башкы «атамекенчинин» темир тор артына отуруусу менен аяктаган. Ошондон кийин деле Кылычбек мырзанын кылы кыйшайган жок. Себеби, ал Ө. Текебаевге азыраак убакыт сыртын салып туруп, А. Атамбаевдин колтугуна кирип кетти. Өткөн жылы ал экс-президент А. Атамбаевдин доорунда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп кеткен. Ал акыркы бир нече жылдан бери өзүнүн гезитинде (Супер-инфо) иштебегени менен анын саясатын аныктап тураары белгилүү.

Буга чейин анын гезити менен сайты экс-президент А. Атамбаевдин убагында жасалган коррупциялык иштерди корголоп, коррупция беренеси боюнча козголгон кылмыш иштерине саясий боек сүртүү аракетин катуу жасап келди. Азыр деле ошол нугунан жазбай келет. Баарынан кызыгы ошону менен бирге ал жакындан бери кайрадан Ө. Текебаевди айга-күнгө жеткире мактаган саясатын жүргүзө баштады. «Текебаевден өткөн саясий лидер жок, ал камакта болгону үчүн оппозициянын орду бош турат» деген сыяктуу логикасын элге таңуулоодо.

Бир эле убакта А. Атамбаевди, ага катарлаш Ө. Текебаевди колдоп аткан Кылычбек Султановдун гезити менен сайтынын позициясын кандай түшүнсө болот? Же ал аттары аталган экөөнү элдештирип, бир кемеге салгысы келип атабы? Экинчиден, К. Султанов бүгүнкү күндө КРнын Түштүк Кореядагы элчиси экенин айттык. Демек, ал мамлекеттик маанилүү кызматта. Андыктан ал үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек эле. Тилекке каршы, Кылычбек мырза негедир эки жээкке ойноп аткандай болууда. Эгерде ал чындап эле бүгүнкү күндө жүрүп аткан коррупцияга каршы күрөштү АШАга каршы чабуул деп кабыл алса, анда неге мамлекеттик маанилүү кызматта отурат? Кызматын тапшырып, биротоло оппозицияга өтүп, анан жашынып алып сүйлөбөй, ачыкка чыгып сындабайбы?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу