Жогорку Соттун маалымат кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров эки айга камалды.
Маалым болгондой ага карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу»), 350-беренеси («Документтерди жасалмалоо») боюнча кылмыш ишин козгогон.
Буга парламенттин иш башкармалыгы «2 миллиондон ашык сом жоголду» деп жазган арызы негиз болгон.
Булак:Каганат