Эки ишкер депутат Чыныбай Турсунбеков алардын мүлктөрүн тартып алганына арызданышууда

Ишкерлер Керезкан Мамбетова менен Рыскүл Абдраманова алардын мүлкүн Чыныбай Турсунбеков тартып алгандыгын билдиршти.

Керезкан Мамбетованын айтымында, 2009-жылдын сентябрында ага «Акун» ишканасынан балдар келип, 13 миллион сомго 700 тонна ун иштетүүнү сунуштаган.

Анын айтымында, «Акундун» коммерциялык жетекчиси Рустам Жунушев ага залог катары Совет көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан үйүн коюну сунуш кылган. Жер тилкенин аянты 12 сөтүктү түзөт.

Кийин Керезкан Мамбетова алган товарды иштете албай калгандыгы үчүн ага 55 миллион сом өлчөмдөгү айып пул салынган жана Ленин райондук соту аркылуу үйү башка адамдарга катталган.

Анын маалыматы боюнча, үйдүн баасы 950 миң долларды түзөт.

«Келишимди мен Чыныбай Турсунбековдун өзү менен түзгөм. Ишканадан мен 13 миллион сомго продукция алгам. Эгерде каражатты үстөк менен санаган күндө дагы мен 400 миң доллар карыз экенмин. Ал эми калган сумма кайда?  Бул мыйзамсыз байыгандык да», – деди ал.

Экинчи жабырлануучу Рыскүл Абдраманованын жактоочусу Жекшенбек Сабралиев билдиргендей, «Акун» ишканасынын коммерциялык жетекчиси Рустам Жунушев анын 300 миң долларга бааланган мүлкүн тартып алган.

Булак:KyrgyzToday

Аргумент.kg
Жооп калтыруу