Эки жарандуу жетекчилер барбы?

Кийинки мезгилде биздин мамлекетибизде кош жарандуулук маселеси катуу көтөрүлө баштады. Анткени жогорку кызматта иштеп же болбосо парламентке мүчө болгондордун дагы эки мамлекеттин жарандары экендиги аныктала баштады. Алар көбүнчө Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар. Ар кандай жолдор менен алар КРнын да паспортун сактап калышат жана жөнөкөй эмес жогорку кызматтарга жетип алгандар да бар. Азыр алардыкы билинип, маселелери чыгууда. Мындайлар областык, райондук деңгээлде да көп дешет. Бизге жеткен кээ бир маалыматтарга таянсак, , “Жалал-абад областынын өнүктүрүү фонду” мекемесинин аткаруучу директору Сатимова Танзиля Орынбайовнанын да мыйзамсыз кош жарандуулугу бар дешүүдө. Бирок биз чын эле ошондой экен деп так кесе далилдей албайбыз. Ошентсе да тегин жерден өрт чыкпайт деген сөз бар эмеспи. Балким областык жетекчилер Танзиля айымдын Кыргызстандын да Россиянын да жарандыгы бар же жок экендигин тактап беришээр…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу