Эки аял маселесин көтөргөн Назира Бегимдин колун сураган жигит үйлөнүүгө даяр

Бүгүн, «Фейсбук» аркылуу эки аялдуулукту мыйзамдаштырууну демилгелеп жүргөн журналист Назира Бегимдин колун сураган жигит, «Фейсбук» аркылуу кайрылуу кылды:

Назира Бегимдин колун сурайм. Ал, эки аял алуу демилгесин көтөрдү. Эл алдына өзүң үлгү болуп, мага турмушка чык. Сен азамат кыз экенсиң, экөөбүз баштап берели. Сени кор кылбай, кем кылбай багып бүлөө кылып алам. Назира Бегим, мага турмушка чык!»,-дейт Бектур Аширбаев.

Бектур Аширбаев үйлөнө элек жигит, 4 аял алуу максаты бар.

Эгер, Назира Бегим макулдук берсе интернет колдонуучулар тойду өткөрүп берүүнү сунуштап жатат.

Булак: Искра.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу