ЭКЗАМЕНДЕН ӨТПӨЙ КАЛГАН КЫЗ….

Чынын айтайынбы? Азырынча үйлөнгүм келбейт. Мага бойдокчулук көбүрөөк жагат. Бир келген өмүрдө менин каалагандай жашаганга укугум бар да, туурабы? Коомчулук жабыштыра берген эрежелерге баш ийе бергенде болмок беле? Бирок апамдын көңүлүн кыя албай койдум. «Үйлөн, небере жыттайлы» дей берди.
Анан үйлөнмөкчү болдум. Кыз жок. Башкы маселе ушул болчу. Апам таежемди, таежем абысынын, абысыны сиңдисин бул маселеге аралаштырып отуруп акыры кыз борбор калаадан табылды. Укмуш дешти.
– Барып тааныш. Көңүлүн ал,- апам чөнтөгүмө акча салып жатып сүйлөдү.
– Акча эмнеге?
– Кафеге барасыңар да.
– Мейли,- дедим. Мен 15 жашымдан тартып эле үйдөн акча албайм. Апамдын мага акча бербей калганына көп болгон, анан эле башка бирөөнүн баласынын курсагын тойгузуу үчүн акча бергенине кичине таарынып калдым. Бирок үйдөн чыгып эле «бейтааныш бирөөнүн курсагы тойгончо сенин курсагың тойсун» деп апам берген акчанын баарына унаама бензин куюп алдым. Биз Чүйдөгү шаарга жакын айылда жашайбыз.
Келечектеги жубайым менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Созулат өзүнчө. Эркиндик бульварынан жолукмакчы болдук. Бардым баягы жерге. Чынында, жакшынакай кыз экен. Буга чейинки мен сүйлөшкөн кыздардын арасында сулуулар сынагы болсо, бул кыз жок эле дегенде 4-орунду алмак. Ичимден ушуну ойлодум.
– Саламатсыңбы?
– Салам.
– Мен Марат.
– Сауле.
Мен ага жактым. Жок мен эмес, менин унаам жакты. Бул дароо билинди. Анан ошол замат менин башымда бир кызыктай план бышып жетилсе болобу?! Мен Саулени тамаша катары ала качмакчы болдум. Экөөбүз бир аз сейилдегенче айылдагы досторго коңгуроо кылып «күтүп алгыла» дедим. «Үйүңө жеткирип коёюн» деген шылтоо менен аны унаама салып, айылды көздөй «зуу» койдум.
– Марат, сен кайда?
– Мындай эми, Сауле. Бир көрүп сүйүп калуу бар дегенге ишенчү эмесмин. Мына, эми өз башыма келип отурат. Сен мага жактың. Үйлөнөлү,- дедим олуттуу.
– Сен экөөбүз бири-бирибизди тыңыраак биле элекпиз да… Мындай болбойт, Марат! Токтот!
– Сауле, экөөбүз бир ай сүйлөшсөк да, бир жыл сүйлөшсөк да бири-бирибизге жаман кыялдарыбызды көрсөтпөйбүз да, туурабы? Жакшы жагыбызды гана көрсөтөбүз. Бирок ар бир кишиде терс кыял болот. Ага көнүш керек. Кабыл алып, түшүнүп жашаш керек…
– Жок, Марат, мындай болбойт!- деп талашып-тартышып кетип бараттык. Жолдон досторум унаалары менен коштоп жөнөштү. Сауле ыйлай баштады. Мен болсо окуя эмне менен бүтөрүнө кызыгып келатам. Үйгө келдик. Заңгыраган эки кабат үйдү жаңы эле бүтүргөм. Ал үйдү көргөндө эле Сауле мурункудай ыйлабай калды. Жеңелерим келип колунан тартса, каршылыгы жок эле ээрчип кирип кетти. Апам кудуңдап сүйүнүп алган. Анан сырдашып, тамашалашып жүргөн Перизат жеңемди чакырдым.
– Жеңе, эмне болуп жатат?
– Эмне болмок эле, үйлөнүп жатасың. Отурду кыз. Көңүлү бар экен. Үйүндөгүлөргө чалды.
– Жеңе, мындай кылыңызчы. Азыр кирип, тиги Саулеге «Марат жакшы бала. Биздин оокатыбызды кылып чоңойду. Өзү тоодо биздин малды багат. Койду жакшы карайт. Баарын ушул көбөйттү. Биздин койчубуз болот. Бүгүн биздин машинени сурап айдап кеткен» деп айтыңыз. Эгер ошондо да калса, анда даана үйлөнөм,- деп көндүрдүм. 15 мүнөт өткөн жок. Сауле чарт-чурт этип «отурбайм» деп чыкты.
– Тийбейм мен койчуңарга…
– Кайсы койчуга, ботом?- апам таң калды.
– Мени айтып жатат.
– Ай, бул койчу эмес. Бул бизнесмен! Ким айтты койчу деп?- апамдын сөзүн укканда Сауле тынчып калды.
– Эй, койчумун мен. Булардын малын багам. Алданба!- деп кыйкырдым. Кыскасы, Сауле отурбай кетип калды. А мен дале үйлөнбөй жүрөм. «Койчу болсо эмне экен? Жакшы адам болсо болду» деп тие турган кыз табайын, анан үйлөнөм. Апам да буга макул болду. А баса, Сауле, эгер окуп калсаң, мени кечирип койчу. Сен болгону экзаменден өтпөй калдың…

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу