“Эйр Кыргызстанды” Кытайга саталы дейт

Жогорку Кеңештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Адыл Жунус уулу «Эйр Кыргызстанды» Кытайга берүүнү сунуш кылды. Бул туурасында эл өкүлү: «Эйр Кыргызстандын» коопсуз уча ала турган учагы жок экен. Менин угушумча, Кытайда кызыгуу бар экен. Ушуну Кытайдын компанияларына бербейлиби. Азыр Кытайдын көп компанияларында учактары ашып-ташып жатыптыр. Эгер Кытайдын компаниясы сатып алса, «бул жака 3-5 жылдын ичинде 12 учак алып келебиз» деген маалымат бар экен. «Эйр Кыргызстан» эң жакшы болгон 2012-жылы 35 миллион сом киреше тааптыр. Бул бир ресторан же ишкананын эле кирешеси», – деп билдирди. Албетте, бир караганда депутаттын айтканында данек бар. Бирок качанкыга чейин биз өзүбүздүн кирешелүү тармактарды өнүктүрүп-өстүрөлү дебестен, бирөөгө саталы деген логика менен жашайбыз?

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу