Эдил Байсалов: «1990-жылы Жазуучулар союзунан уурдалган акчаны ачыкка чыгарам»

Бишкекте бүгүн, 25-апрелде коомдук ишмер Эдил Байсалов президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрүүдө. Буга чейин Байсалов президенттин Түркиядагы мурунку бизнеси жөнүндө маалыматтар шек жаратарын айтып чыккан эле.

12:05. Байсалов президенттин саясий моралдык жоопкерчилигин кароо зарыл экенин айтты.

12:03. Байсалов: «Президенттин маалымат кызматы деп тергеп айтпайлы. Конституцияда андай кызмат жок. Биз президенттин маалымат кызматын эмес, президентти шайлаганбыз. Андыктан «президент айтып жатат», «президент жооп берди» деп айтышыбыз керек»

12:00. «Мен коркпойм. Түрмөгө камайбы же айып пул салабы, эмнеси болсо да көрөбүз. Калп айтууга жол бербейбиз», — деди Байсалов.

11:58. Эдил Байсалов президенттик шайлоого катышпастыгын айтты.

11:57. «Бирөөнүн байлыгын казып чыгуу ниетим жок. 1990-жылдардын башында Жазуучулар союзунун мүлкү болгон. Алар азыр кайсы колдо? Журналисттер ушуну иликтеши керек. Балким, ушул иштин артынан өзүм түшпөсөм болбой калды», — дейт Байсалов.

11:50. Эдил Байсалов: «Мен Алмазбек Атамбаевдин чөнтөгүнө кызыккан жокмун, байлыгы өзүнө буюрсун. Президент өзү 5-апрелде маалымат берип «Электромеддин» 90 пайызы меники болгон» деди. Жалган маалымат айтты. Мен буга карап тура албайм. Бул ишти иликтөөнү жарандык милдетим деп билем. Кеп акчанын суммасында эмес, эмне үчүн алар жалган маалымат таратып жатат. Мен бул суроого дагы эле жооп ала элекмин. Бул маселе парламентте да көтөрүлүшү керек».

11:44. «Жалган айтуу өтө жаман. Президент башкы прокурорду чакырып, жалган документтерди бергенине жок дегенде моралдык баа берилиши керек», — дейт Байсалов.

11:42. Байсалов: «Биздеги кырдаалды Орусияга, мени кайдагы бир Навальныйга (Алексей Навальный — орусиялык активист) салыштырбоо керек. Биздин эл 2 президентти кетирген. Навальный биринчи бир мэрди кууп алсынчы».

11:35. «Мен убактылуу өкмөттөн 2010-жылы майда кеткем. Андан бери Убактылуу өкмөттү эң көп мен сындадым», — дейт Байсалов.

11:30. Байсалов Түркияга өзүнүн каражаты менен барып келгенин айтты. «Менин Түркияга жетишимди чоң эрдик деп эсептөө бул жаңылыштык. Мага Түркиядан маалыматтарды дароо эле беришкен жок. Бир жумадай жүрдүм. Башында чочулашып, аягында документтерди беришти. Документтер расмий органдан алынды. Бизди Түркияга бардыртпай эле биз кызыккан маалыматтарды президенттик аппарат жарыялап койсо болмок».

11:22. Байсалов: «Президенттин маалымат кызматы 12-апрелде «Гүлжанлар» фирмасынын 90 пайызы президентке караштуу болгонун, кийин ал «Электромед» болуп өзгөргөнүн маалымдаган. Бул жалган экенин далилдедим. «Электромед» деген компания илгертен эле бар».

11:15. Түркияга барып, президенттин мурунку бизнеси тууралуу маалымат тапканын билдирди Байсалов. Ал президенттин Түркиядагы мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн аты-жөнүн айткан жок.

11:05. Байсалов: «Президенттин маалымат кызматы 12-апрелде тараткан маалымат жалган. Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы ишканасы болгон, бирок анын мурда айтылгандай «Электромед» деген ишканага эч кандай тиешеси жок».

 

Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу