Эдил Байсалов Түркияга, Адил Турдукулов Японияга элчилик кызматка кетишеби?

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун элчилик мөөнөтү аяктап бараткандыктан анын ордуна жаңы бийлик жаштардан Эдил Байсаловду Түркияга элчиликке тандаганы боюнча кызуу кеп жүрө баштады. Эдилдин бир кезде Түркиядан билим алганы, түрк жана англис тилдеринде түш жооруганын, өзүнүн интеллектуалдык деңгээлинин бийиктигин эске алганда бул тандоого негиз бардай.

Ошондой эле Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чынгыз Айдарбеков КР Тышкы иштер министри болуп дайындалышына байланыштуу ал өлкөдөгү элчилик орун бошоп, ал жерге жаш саясатчы Адил Турдукуловдун талапкердиги карала баштаптыр. Адил да бир кезде Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде иштеп, дипломатиялык тажрыйба топтоп, япон жана англис тилдеринде түш жооруй алары чоң плюс болсо керек. Баса, буга чейин бийлик Адил Турдукуловго дипломаттык кызматтарды сунуш кылып жаткандыгы боюнча уу-дуу кеп кеткен.

Кыскасы, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги мамлекеттик кызматтарга жалаң жаштарды сүрөмөлөп жылдыра баштагандыгы байкалды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу