Эдил БАЙСАЛОВ: «Атамбаев экс-президент деген жогорку статустан баш тартып, партиялык жетекчи болууну туура көрдү»

Активист Эдил Байсалов «24.kg» маалымат агенттигине КСДПнын курултайынан кийинки маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөндөрү боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, бүгүн Алмазбек Атамбаев экс-президент деген жогорку статустан жана жалпы улуттук лидерликтен баш тартып, партиялык жетекчи болууну туура көрдү.

КСДП көптөн бери эле прогрессивдүү күч эмес. Ал азыр өзүнүн тегерегиндегилерди карап көрсүн. Анда болгону өзүнүн шоопурлары, катчылары жана жансакчылары, ага кошумча

«Ошондой эле бүгүн ал дагы президент Жээнбеков менен коомчулуктун алдында өз мамилесин айрып алды. Учурдагы мамлекет башчысынын мындан ары Атамбаевдин алдында эч кандай милдеттенмеси жок. Сооронбай Жээнбековдо тандоо өтө жөнөкөй: же ал президенттин милдетин толук кандуу аткарат, же ал бир гана Атамбаевдин досу болушу керек», — дейт Эдил Байсалов кескин түрдө.

«Алмазбек Атамбаев бүгүн партиянын курултайын көрсөтмө катары өткөрдү. Өз эрки менен бардык көңүлүнө жакпагандарды катыштырган жок. Учурдагы премьер-министр жана партиянын саясый кеңешинин мүчөлөрүн ишембиликке жөнөтүп, өзү болсо жеке бенефис өткөрдү», — деп белгилейт Э. Байсалов.

«Эми анда (мамлекет президенти) колдору чечилди. Сооронбай Жээнбеков катачылык кетирсе, ал сөзсүз түрдө катачылык кетирет, жашоо өзү ушундай, анда биздин эл ага аларды көрсөтөт», — дейт активист.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу