Эгизбаев,Сегизбаев, Теңизбаев…

Аккан суу дагы бир кыргыздын чыгаанын жутуп кетти. Жаш талант Улан Эгизбаевди Сегизбаев УКМКны жетектеп жатканда анын аталаш тууганы катары сөз болгон. Кочкорлук Эгизбаев кеминдик Сегизбаевге фамилиялары окшош болуп калса керек, Эгизбаев ак да, көк да деген жок, мыйыгынан күлүп коюп жүрдү. Ал эми Теңизбай менен Сегизбай тууган экени чындык. Теңизбайдын кызы күйөө тандоо боюнча жаңылышкан жок. Келечектеги президент менен баш кошкон. Ал Москвада окуп жүргөнүнө байланыштуу улуу балдарын кайынэнеси баккан. Турмушта ажырашуулар көп эле болот, бирок ал президент болгон соң экс-кайынэнесинин ак эмгегин унуткан жок. Кремлдин элеси түшүрүлгөн алтындан белек бериптир деген кеп бар. Экс-кайниси Сегизбаевди да талаада калтырган жок. Эгизбаев эл оозуна илинип калган соң Сегизбаевге тууган экен деп чыгышты, Эми жаш болсо да Эгизбаев да жок, арты кайырлуу болсун! — дейт журналист Азизбек Келдибеков.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу