ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНДӨ ЧАБУУЛ УЮШТУРУУНУ ПЛАНДАП ЖАТКАН ТЕРРОРЧУЛАР ЖОК КЫЛЫНДЫ

Бүгүн, 29-августка караган түнү Чүй облусунун Жайыл районунда террорчулар жок кылынды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен тастыкташты.

Маалым болгондой, атайын операция 29-августка караган түнү болгон.

Террористтик топ колго жасалган жардыруучу зат, курал-жарактар менен Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында киши көп топтолгон жерлерде чабуул уюштурууну пландап жатышкан.

Операция жүргүзүлгөн жерден дагы ок атуучу куралдар, тапанча табылган.

Ошондой эле, УКМКнын кызматкерлери тарабынан террордук чабуул уюштурууга даярданып жаткан топко жардам көрсөткөн деген шек менен 2 адамды — 1960-жылы туулган К.О. жана 1985-жылы туулган Т.А. кармалып, камакка алынды.

Тиешелүү берене менен козголгон кылмыш ишти тергөө улантылып жатат.

Эске салсак, кечээ, 28-августта Спорт Ордосунун жанында дагы атайын операция жүрүп, эки адам кармалган.

 

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу