Эбин тапкан эки жейт…

Курманбек Бакиевдерге жана анын жакындарына таандык делип улутташтарылган
мүлктөр боюнча бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартыш жараткан бүдөмүк, күмөндүү иштер
көп. Улутташтырылбай дайын-дареги чыкпай калгандар да бар. Бакиевдердин доору
бүткөн 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен 47 объект
улутташтырылган. Бүгүнкү күндө бул тизмеге кирбей калган мүлктөр талаш жаратып
келет. Алардын бири мурунку “Ала-Too” мейманканасы. Учурда борбордун чок ортосунда
жайгашкан бир гектар жери бар, аталган мейманкана «Бир Бол» фракциясынын
депутаты Исхак Пирматовдун «Кыргыз мунай» ишканасына таандык. Тарыхый-маданий
мурастардын тизмесинде турган бул мейманкана Пирматовдун колуна өткөндөн кийин,
2014-жылы Мамлекеттик курулуш архитектурасынын сунушу менен маданий мурас
тизмесинен чыгарылган. Ага дейре мейманкананы оңдоп-түзөөгө делип мамлекет
тарабынан 13 миллион доллар жумшалган экен. Бүгүн болсо жеке менчикке өтүп,
жамшалган каражат кумга сиңген суудай жоголуп, болгону 5 миллион сомго сатылган
мейманкана бузулуп, ордуна «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов
ээлик кылган «Главстрой» курулуш ишканасы көп кабаттуу үй куруп жатат.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу