Ысык-Көл өнүктүрүү фондусуна жаңы башчы дайындалды

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду Кумтөр кенинен түшкөн дүң кирешенин бир пайызын алат.

Алдаярбек Тойгоналиев Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка облус башчысы Акылбек Осмоналиев кол койгон.

Алдаярбек Тойгоналиев 1957-жылы 17-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Боз-Булуң айылында төрөлгөн. Совет мезгилинде айдоочу, слесарь жана арматура чыгарган цехтин мастери, андан кийин начальниги болгон. Кийин облустун Капиталдык курулуш башкармалыгында эмгектенген. Өнүктүрүү фондусунун жетекчисинин орун басары болуп дагы иштеген. 2015-2017-жылдары кайрадан эле Ысык-Көл облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгында эмгек өтөгөн.

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду Кумтөр кенинен түшкөн дүң кирешенин бир пайызын алат.

Аталган фонддун мурдагы башчысы Алмазбек Осмонов өз каалоосу менен арыз жазып ишин тапшырып берген.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу