Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун башчылыгы талашка түшүп жатыптыр

Ысык-Көл областында ар бир райондо тыңчыкмалар бар атайын. Көлдү биз чечебиз
дегендер сыпайы айтканда. Анан Кумтөрдөн түшкөн каражатты ары-бери чайпаган
Ысык-Көл өнүктүрүү фонду бар. Ошол фондко башчылыкты кезек менен шайлашчу экен.
Кезек Тоң районуна жетип, бирок аларга Ысык-Көл району карматпай жатыптыр.
Интриганын башкы каарманы акжолчу Бакыт Иманалиев экен. Ушинтип талашкандан
көрө кайра көлдүктөрдүн башын бириктирип, аттуу-баштуулардын, көлдүк
журналисттердин ынтымагын түзүп, туулуп-өскөн жерге кызмат кылышпайбы десең.
Баштары иштебей жатып фонддун башчылыгын талашканды ким коюптур буларга.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу