Ысык-Көлдө СДПКнын абалы жакшы эмес

Ысык-Көл областында СДПК партиясынын абалы жакшы эмес. Бул тууралуу аталган
партиянын эски санаалаштары билдиришти. Партияга болгон күчүн жумшап, керек
болсо өмүрүн арнап иштеген эски мүчөлөрү учурда четте калып, нааразычылык күч
алган.
Тээ илгерки Бакиев менен иштешкен акжолчулар учурда СДПКнын терисин жамынып
алышкан. Президенттик шайлоодо бул кебетеси менен аталган област Сооронбай
Жээнбековго жетиштүү добуш алып бере албайт. Областта Өмүрбек Бабановдун таасири
күчөп, бюджеттегилердин баарысы Бабановду шайлайбыз деп отурушат. СДПКнын
кадыр-баркын област жетекчиси Узар Жылкыбаев да жогорулата албады. Бул өтө
өкүнүчтүү.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу