Ысык-Көлдө жээкке унаасы менен кирген адам жоопко тартылды

Ысык-Көлдүн Бостери айылында көл жээгине чейин «Жип» автоунаасы менен кирип кеткен айдоочу жоопко тартылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Азаттык» радиосуна кабарлады.

Маалыматка ылайык, айдоочу казак жараны, Алматы шаарынын тургуну Арман Байгазаков болуп чыкты. Ал мамлекеттик экотехинспекция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Тартип бузуучуга административдик кодекстин 160-беренеси боюнча жаза айыппул салынат. Бул берене боюнча 400 сомдон 1000 сомго чейин айыппул каралган.

Көл сезону башталгандан бери айдоочулар автоунаасы менен адамдар эс алып жаткан жээктерге чейин кирип барган учурлар бир нече жолу катталган. (ZKo)

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу