Ысык-Көлдө жер силкинди

Бүгүн Ысык­Көл облусунун Тоң районунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Жер титирөөнүн очогу Көк­Сай, Темир­Канат, Тогуз­Булак айылдарынан 23 чакырым алыста Тескей Ала­Тоо тоолорунда болгон. Аталган айылдарда силкинүү күчү 3­4 баллга жеткен. Алдын ала маалыматка караганда кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. (КЕ)

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу