Ысык-Көлдүн башчысы Асхат Акибаев кызматынан кетти

Акибаевдин ордуна ЖК депутаты Узар Жылкыбаев келери айтылып, эл өкүлүнүн мандаты тизме боюнча Икрамжан Илмияновго берилиши ыктымал.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Асхат Акибаев кызматтан кечээ четтетилгенин, ордуна Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Узар Жылкыбаев келерин ишенимдүү булак Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал жаңы жетекчи бүгүн саат 11:00дө облустук администрациянын жамаатына тааныштырыла тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Акибаев облус жетекчилигине былтыр январь айынын аягында келген. Акибаев менен байланышканыбызда ал расмий буйрук чыккандан кийин бардыгы маалымдаларын айтты. Ал эми өкмөттүн маалымат кызматы бул кабарды бышыктап же төгүнгө чыгарган жок. Ал эми облус жетекчисинин орун басары Рита Борбукеева да кызматынан кетип, эми мамлекеттик эмес кызматка өткөнүн өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Эскерте кетсек, КСДП партиясынын тизмеси боюнча кийинки сапта Икрамжан Илмиянов турат.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу