Ысык-Көлгө Ташкенттен жана Новосибирскиден учактар каттайт

Өзбекстандын саякат агенттиктери билдиргендей, 5-июлдан 30-августка чейин Ташкенттеги Ислам Каримов атындагы аэропорттон Тамчыдагы Ысык-Көл эл аралык аба майданына түз рейстер каттайт.

Diplomatic VIP and Travel Service компаниясынын маалыматына караганда, «Өзбекстан аба жолдору» шаршемби сайын 190 орундуу Боинг–757-231 учагы менен Ташкент–Тамчы–Ташкент каттамын аткарат. Учуу убактысы – бир саат 20 мүнөт. Барып-келүү жол киренин баасы 340 доллар.

Андан тышкары Сибирдин эң ири шаары Новосибирсктин «Толмачёво» аэропортунан Ысык-Көлгө авиакаттамдар ачылат. S7 airlines компаниясы шаршемби жана жума күндөрү 78 орундуу Эмбраер–170 учагы менен Новосибирск–Тамчы–Новосибирск каттамын аткарарын маалымдады. Учуу убактысы – эки саат 50 мүнөт.

Аны менен бирге салттуу болгон Астана–Тамчы–Астана, Алматы–Тамчы–Астана жана Шымкент–Тамчы–Шымкент эл аралык рейстери жанданары күтүлүүдө. Ал эми Ош–Тамчы–Ош авиакаттамы 30-июндан тарта 99 орундуу Бритиш Аэроспейс–146-200 учагы менен жума жана жекшемби күндөрү каттайт деп кабарланган. Үч жыл мурда токтогон Жалал-Абад–Тамчы–Жалал-Абад авиакаттамын жандандыруу да каралууда.

Учуу жадыбалдары июнда толугу менен бекитилип, билеттер сатыкка чыгаары күтүлүүдө.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу