Ырынан чыры көп, баягы эле “Кумтөр”

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин 4 сессиясынын ишинин жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип, Кыргызстандын өкмөтү “Кумтөр” кени боюнча жаңы келишимди карап жатканын маалым кылды. Ал өз сөзүндө мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда, 2017-жылы күздө “Кумтөрдү” иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн макулдашуу жокко чыгаарын билдирди. Мурунку өкмөт түзгөн соңку келишим азырынча күчүнө кире элек. Буга байланыштуу төрага: “Кумтөр менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей келген көп маселе бар. Эң негизгиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келишим каралса керек. Экономикага, айрыкча экология үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн суммасы көбөйүшү мүмкүн” – деп айтты.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу