Ырым-жырымдар: чындыкпы же ишенимби?

Ата-энелерибиз “мындай кылганга, тигиндей кылганга болбойт” дешип, бирок эмнеге экенин сураганда “жаман болот” деген эле жоопту беришкен учур дээрлик ар бирибиздин башыбыздан өтсө керек. Андай ырым-жырымдар бүгүнкү күндө да активдүү колдонулуп келет. Анын канчалык деңгээлде чындыгы бар, динибизде ырым-жырымдарга ишенүү туурабы, же ширк болуп эсептелинеби, макаланы окуп чыгып өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз.

Аластоо ырымы

Арча – тазалыктын белгиси. Үйдү арча менен аластап койсоң, үйдөгү аба тазаланып, анда жашаган адамдар оору-сыркоодон алыс болот деген түшүнүктө аластоо ырымы колдонулуп келет. Чындыгында мурда азыркыдай сепме жыттуу дезодоранттардын ордуна үйдөгү абаны тазалоо максатында арча колдонулган.

“Бычакты кырынан койбо” ырымы

Бул — жамандыктын белгиси. “Бычактын мизин көктү каратып койсо, ал үйдө мал көп өлөт” дешет. Бирок бул жөн гана кырсыктын алдын алуу үчүн айтылган сөз. Бычактын мизи курч болгондуктан бирөө бир жерин кесип албасын деген эле маани.

Жаман түштү сууга айтуу

Жаман түш чындыкка айланып кетпеши үчүн алгач сууга айтуу керек. Суу менен кошо агып кетсин деген мааниде бул ырымды колдонуп келишет. Мунун чындыгы бар. Бул тууралуу “жаман түш көрсөң, ата-энеңе же сууга айт” деп шариатта да айтылган.

Эркек кишинин алдынан кесип өтпөө

Алла Таала аялды эркектин кабыргасынан жараткан. Аялзаты эркекке баш ийүүсү керек. Ушул түшүнүктөрдөн улам эркектерди сыйлоо максатында алардын алдынан кесип өтпөө керек деп айтылып калган. Дагы бир мааниси – аял эркектин алдынан кесип өтсө, же эркектин алдында басса, эркек анын сулуулугуна азгырылышы мүмкүн. Ошондуктан “эркектерди азгырбаш үчүн аялдар сулуулугун жашырып артта басышы керек” деп айтылат.

“Кечинде ак бербе”

“Кечинде айран, сүт, ун берилсе, береке, ырыскы, жакшылык да кошо кетип калат” дейт элибизде. Бул ырым “кечинде көчөгө чыкпаш керек” дегенден улам айтылып калган. Буга байланыштуу “караңгыда күл төкпө”, “аял киши түндө эшикте жүрбөйт” деген сыяктуу ырымдар да бар. Анткени караңгыда коркуп калышы, кылмышкерлердин курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Андан сырткары аял – эне. Кош бойлуу аял караңгыда кырсыкка кабылып баласына зыян келтирип алышы ыктымал.

“Сынык күзгүгө каранба”

Мындай ырым кыргыздарда эле эмес, башка улуттарда да бар. Ал – жамандыктын белгиси. Байыркы славян элинде сынык күзгүгө карануу өлүмгө, ал эми кытайларда оор ооруга алып келет деген түшүнүк бар. Бирок коркуунун кажети жок. Болгону күзгүнүн сыныгы колду же башка бир жерди кесип кетпеши үчүн айтылып калган.

Жүрөк көтөрүү ырымы

Адам катуу корккондо суу ичирет же бетине суу чачат. Анткени “суу жүрөктү тынчтандырат” деген сөз бар. Муну медицина илими да далилдейт. Ошондуктан ооруканалардын кардиология бөлүмүндө аквариумду коюп коюшат, же болбосо кардиологдор оорулууларга көлдүн жээгинде эс алууну сунушташат.

Билалидин Сайпиев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы: “Айрым ырымдарыбыз шариатка туура келет”

– Бардык эле ырым-жырымдарга шариатта тыюу салынган эмес. Мисалы, аял киши караңгыда жүрбөш керек, жаман түштү сууга айтуу деген сыяктуу ырымдарга ишенүүгө шариат уруксат берген. Мисалы, экинчи ырым тууралуу айта турган болсом, түш эки түрдө болот: шайтандан, анан Алладан. Шайтандан болгону тозок, от, жылан сыяктуу жаман түштөр, Алладан дегени – бейиш, жайлоо, суу ж. б. Шайтандан болгон түштөрдү сууга айтып койсо жакшы. Ал эми “кечинде ак бергенге болбойт”, “алдыңдан мышык өтүп кетсе баш кийимиңди үч жолу айландыр”, “башынан суу айландыр”, “жылдыз учса, демек, бир адам кайтыш болду” дегендер жөн эле сөз. Алар шариатка туура келбейт. Ошондуктан мындай ырымдарга ишенгенге болбойт.

 

Ырым-жырым колдоносузбу?

Замир Арыкбаев:

– Жаман түш көрсөм сууга айтмайым бар. Анткени ошол жаман нерсенин баары сууга өтүп кетет деп түшүнөм. Анан башынан суу айландыруу деген ырымга ишенем. Бул да суу менен байланыштуу, “суу бардык жаман нерселерди өзүнө кабыл алат” деп айтылып жүрөт. Ошондуктан кыргыздар илгертен бери алыскы сапардан келгенде, ооруканадан чыгып келгенде ушул максатта адамдын башынан суу айландырышат.

Гүлзинат Суранчиева:

– Мен ырым-жырымдардан аластоону дайыма колдоном. Бирок ырым катары эмес, үйдү микробдордон тазалоо максатында. Арча суук тийүүгө да жакшы жардам берет эмеспи, жыты да жагымдуу. Андан башка ырым-жырымдарды деле колдонбойм, ишенбейм дагы.

Турдакун Ниязалиев:

– Ырым-жырымдарга ишенбейм. Көпчүлүк жамандыктан алыс бололу, жакшылык болсун деген ниетте ырымдарды колдонуп жүрүшөт. Бул негизи туура эмес деп ойлойм. Жамандык да, жакшылык да, баары бир гана Кудайдан. Өзүм үйлөнгөндө да эч кандай ырым-жырымды колдондурган эмесмин. Айрымдар алдынан мышык өтүп кетсе да жамандыктын белгиси деп түшүнүшөт эмеспи. Адамдын тагдыры ошол мышык менен чечилип калбайт да.

Фарида Карбозова:

– Өзүм негизи ырымчылмын. Кыргызда кандай ырым болсо, ошонун баарын колдоном жана ишенем. Ар бир ырымды колдонордо сөзсүз “Жараткан Аллам Өзү колдосун” деп айтам. Арча түтөтөм, сууну баштан айландырууну колдоном, караңгыда күзгү каранбайм, караңгы жердеги дааратканага кирбейм. Сахнага чыгарда да дайым келме айтып чыгам.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу