«Ырымдасыз…» Акын кыздар поэзия кечесине чакырат

Иш-чарада акын кыздар өздөрүнүн ырларга камтылган купуя сырлары менен тең бөлүшөт.

Улуттук филармониянын кичи залында акын кыздар Айсулуу Эсен кызы, Нуркыз Рыскул кызы, Рыскүл Изатовалардын «Ырымдасыз» аттуу поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондусунун сунушу менен өтө турган иш-чарада акын кыздар өздөрүнүн ырларга камтылган купуя сырлары менен тең бөлүшөт.

Эскерте кетсек, аталган фонд буга чейин Сагын Акматбекова баштаган бир топ акындардын поэзия кечесин өткөрүп келген.

Маданий иш-чара 19-май күнү саат 17.00дө башталат. Бардык каалоочулар үчүн эшик ачык.

Булак:Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу