Ырчы Юлия Руцкая жакында кандай сюрприз көрсөтөт?

“Аппак сүйүү” аттуу ырды кыргызча ырдап, өлкөбүзгө таанылган ырчы Юлия Руцкая учурда Кишинев шаарында жаңы ырына клип тарттырып жүрөт.

Ал Молдова ырчысы менен ырдаган дуэт ырына жаңы клип тарттырып жүргөндүгү тууралуу интернет баракчасына видеосун жүктөдү. Юлия Руцкая өзүнүн баракчасына жазганына караганда Европада тартылган клиптердин Кыргызстандыкына караганда айырмасы абдан чоң. Мисалы, ырчынын жанында отурган жана айланасында басып жүргөн адамдардын баары атайын тандалып алынган актерлор дейт.

Ырчы айым тартылып жаткан клипти видеого тартып, жакында силерге жакшы сюрприз жасайбыз деди.

Ырдын эмне тууралуу экендиги жана ким менен дуэт ырдай турганын да айткан жок.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу