Ырчы Чолпон Талипбек операция жолу менен чоңойткон төшүн көрсөтүп элди дүрбөлөңгө салды…

Ырчы Чолпон Талипбек кечээ, 7-ноябрда операция жолу менен чоңойткон төшүн ачып түшкөн сүрөтүн инстаграм баракчасына жүктөдү.

Ал эми сүрөттүн астына:

«Менде эки жаңылык бар, экөө тең жакшы жаңылык» — деп жазды.

Бул постту окуган ырчынын окурмандары жана күйөрмандары ар тараптуу пикирлерди жазып калтырышты.

Көпчүлүк ырчынын бул жооругуна нааразы болуп, аны төшүн жаап, жабык кийинүүсүн өтүнүштү. Албетте ошол эле учурда ырчыны колдогон күйөрмандар да ырчыга суктанып билдирүү калтырышууда.

Эске салсак Чолпон Талипбек үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында пластикалык операция жолу менен төшүн чоңойткон.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу