Ырчы Чолпондун пластикалык операциясы кыздарга үлгүбү?

Ырчы Чолпон Талипбек операция жолу менен чоңойткон төшүн ачып түшкөн сүрөтүн инстаграм баракчасына жүктөдү.

Ал сүрөтүнүн астына:

«Менде эки жаңылык бар, экөө тең жакшы жаңылык» — деп жазган эле.

Бул постту окуган ырчынын күйөрмандары анда кандай эки жакшы жаңылык бар экенине көңүл бурбастан ачыктөшүн кызуу талкууга ала башташты. Көпчүлүк ырчынын бул жоругуна нааразы болуп, аны төшүн жаап, жабык кийинүүсүн талап кылышты. Албетте ошол эле учурда ырчыны колдогон күйөрмандары да ырчыга суктанып билдирүү калтырышууда. Арасында төшү кичинекей кыздар ырчыдан операция каякта жасалганын, канча сом тураарынан бери сурап жиберишти.

Чолпон Талипбек үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында пластикалык операция жолу менен төшүн чоңойткону маалым болгон.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу