Ырчы, салыкты төлөсөң боло!

Быйылкы жылдын башында Кыргызстандын салык инспекциясы тойлорго рейд жасап,  бир топ тамада ырчыларга салык төлөбөгөндүктөрү үчүн айып пул (штраф) салгандыгы маалым. Бир топтору ошондон кийин тартипке келе түшкөн өңдөндү. Бирок, баары бир бардыгы эле жабалактап төлөп баштаган жери жок. Ар кандай шылтоону айтып, кийген костюмун, жаздырган фонограммасын эсептеп эле жатып калышты. Айрымдары: «Биз салык төлөгүдөй өкмөт бизге эмне кылып коюптур!?»-деген өңдүү дооматтарды айта баштады. Андай дооматты, эмне үчүн ишкерлер айтпайт? Алар деле бизнесин өкмөттүн аралашуусу жок эле түзүшөт. Демек, ырчылардын мындай айтканы сыпаа айтканда, алдоого гана жасаган аракет. Орустун азыркы атактуу болуп келе жаткан жазуучусу  Поляков: «Эмне үчүн азабын жеп жердин алдында көмүр казган шахтёр салыкты толук төлөш керек да, ал эми таланты бар же жок экенине карабай той тамашада акчаны сузуп тапкан ырчы сөрөйлөр эч кандай акча төлөбөшү керек?»- деп орчундуу суроо койгон. Ошол эле Россиянын салыкчылары    төлөбөгөн салыктарын эсептеп атактуу примадонна Алла Пугачованы үч жүз кырк миңге жакын АКШ долларын казынага төгүп берүүгө аргасыз кылышкан. Ал эми жыйырма жыл мурда Италиянын полициясы  атагы таш жарган Софи Лоренди он сегиз күн абакка отургузушкан.

Биздин ырчыларды түрдүү топко бөлсөк болот экен. Маселен, эң эле той тамашанын күчөп турган учуру сентябрь айын алсак, күнүгө  үчтөн бешке чейин тойго баргандыгын интервьюларда  ачык эле айтып жүрүшөт. Ошол эле ачык жарыяланган маалыматтарды алсак, ырчылардын аткарган чыгармалары үчүн да алган акылары ар түрдүү экен. Ошол маалыматка ишенсек:

Биринчи топко өтө жогорку төлөм менен ырдачуулар кирет, булар анча көп эмес. Бир тойдон миң АКШ долларына чейин акы алышат. Ошол эле ачык чыккан маалыматтардан алсак, Гүлнур Сатылганова,  Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Самара  Каримова , дагы бир экөө киришет. Бирок алар кээде шартка жараша ставкасын азайткан учурлар да кездешет.

Экинчи топ өтө көп. Супер-Инфо гезитинин билдиргенине караганда:

Аты-жөнү

кызмат акысы
(сом менен)

Канча ырга?

“Кыз-Бурак” тобу

40000

4-5

Сайкал

10 000-20 000

4

Бактыгүл Бадыева

20 000

2-3

Ильяз Абдыразаков

15 000

3-4

Урмат Усенов

13 000-15 000

2

Мирбек Атабеков

13 000

2-3

Гүлзинат

13 000

3

Темир Назаров

13 000

2-3

Гүлнара Тойгонбаева

13 000

3-4

Бекчоро

13 000

3

Айчүрөк Иманалиева

13 000

3-4

Курмангазы Азыкбаев

13 000

2-3 (күү)

Бахтияр Токторов

13 000

1-2

Айпери Кубик кызы

9000-13 000

2

Съездбек Искеналиев

10 000

3

Самат Дөөлөтбаков

10 000

2

Дайыр Исмадияров

9000-10 000

2

Нурайым Азыкбаева

9000

2

Айя Садырова

9000

1

Айжан Газиева

9000

2

Аида Кулуева

9000

2-3

Жанета

9000

2-3

Роза Шакирова

9000

2-3

Айбек Карымов

9000

2-3

Алина Жетигенова

9000

2

Максат Бегалиев

9000

3-4

Айгүл Чалова

9000

2-3

Сема

9000

3

Кубаныч Сатаев

9000

2

Нурзада Жолдошева

6000-9000

3

Кайрат Примбердиев

6000-9000

2-3

Мерген Турган

6000-9000

3

Замир Арыкбаев

6000-9000

2-3

Сапар Эркебаев

6000-9000

2-3

KG Эльмурат

7000-8000

5

Aлихан

6000

2-3

Даниель

6000

2-3

Бегимай Эсенгулова

6000

2

Айдин Шер

6000

2

Назми

6000

2

Гүланда

6000

2-3

Фарида Карбозова

6000

4

Гүлжигит Сатыбеков

6000

2-3

Айнура Салахидинова

4000-6000

2

Микаэль

4000-6000

3

Ильяз Андаш

4000-6000

2-3

Акбар Сүйүнбаев

4000-6000

2-3

Эрмек Маматов

4000-6000

2

Алькамиль

4000-6000

3-4

Мажит

4000

3

Гүлзат Байзакова

4000

2-3

Ынак Осмоналиев

4000

3-4

Жаным Айзат

4000

2-3

Алекс

4000

2-3

Бегимай Бекбоева

4000

2-3

Сауле

2000

2

 

Дагы эле Россиянын мисалына кайрылсак,  ырчыларга тапкан пайдасынын алты пайызын төлөө мыйзам жүзүндө киргизилиптир. Орточо эсеп менен алсак кыргыз ырчылары сентябрь айында күнүгө эки тойго барса, алтымыш тойго барат экен. Орточо он миңден алса,  алты жүз миң сом  алат экен. Болуптур деп кыскартсак төрт  жүз миңден ашат экен.

Бирок көпчүлүгү салык төлөгүсү келбей жаткандыгы факт.

Бизге жеткен дагы бир маалыматка караганда ырчылардын канча тапкандыгы тактоо өтө татаал. Анткени, ырчы менен той ээси сүйлөшүп алып, чыныгы акыны көрсөтпөгөн учурлар абдан көп.  Бул жерден биз бир гана суроо койгубуз келет. Эмне үчүн  15миң сом айлык алган мугалим менен даарыгер салык төлөшү керек да, жогоруда көрсөтүлгөн  жүз миңден ашык акча тапкан ырчы эч нерсе төлөбөшү керек?

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу