Ырчы Сайкал Садыбакасова турмушка чыгуу үчүн сулуулук салонун жаптыбы?

Эсиңиздердеби, «Кыз-Бурак» тобунун жетекчиси Сайкал Садыбакасова март айында сулуулук салонун ачып, жеке ишкерлик менен алектенерин жар салган эле. Топтогу кыздарды өзү боёнткон ырчы башка айымдарга да кызмат көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жаткан. Бирок мындан 2 жума мурда ырчы айым сулуулук салонунун эшигин жапты. Мунун себебин Сайкал Садыбакасова төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

  – Негизи жакшы эле иштеп жаткам. Бишкектин башка жерлерине да салондун филиалын ачайын дегем. Бирок апам «кызым, чыгармачылыктан аксап калат экенсиң, ушул ишти жөн эле коюп, топтогу кыздарга, өзүңдүн чыгармачылыгыңа көңүл бур» деп жаптыртты. Апамдын айтканын эки кылбай макул болдум. Бул ишти такыр эле токтотуп койбойм, буюрса, турмушка чыккандан кийин кайра улантам деп турам. Апам «быйыл турмушка чык» деп жатат. Буюрса, өзүм сүйгөн ишти улантуучу күндөр алыс эмес.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу