Ырчы Нэна сахнадан кетип, профессор болобу?

Дайыма күлүп, жайдары жүргөн Нэна аттуу кыргыздын ырчы кызы жакында социалдык желелердеги баракчаларынын бирине экинчи дипломдуу болгонун жазып чыкты.

Негизи ырчы Нэна башкалардай болуп өзүнүн жеке жашоосун, жаңылыктарын социалдык баракчаларга жаза бербейт. Бирок бул жолкусунда жакшы жаңылыгы менен бөлүшкүсү келдиби, айтор Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын культурология факультетине аспирантурага тапшырып жатканын жазып чыкты. “Буюрса билимимди жогорулатсам, балким профессор боломбу” деген кыялын да кыйытып өтүптүр.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу