Ырчы Нэнанын жолдошу эки уулуна канча алимент төлөйт?

Убагында Кыргызстандын атынан чет өлкөдө өткөн далай сынактарга катышып, кыргыз желегин желбиретип, ийгиликтерди багындырган ырчы Нэна жакында белгилүү бир ММК булактарына маек берген.

Анда Нэна айым чыгармачылыгындагы жаңылыктары менен катар жеке жашоосун, эки баласын жалгыз тарбиялап жатканы, мурунку жолдошу менен эмне себептен ажырашканы тууралуу да айткан.

Нэна айымдын айтымында мурунку жолдошунун калпты чындай айтканы, үй-бүлөлүк түшүнбөстүктөр, кайненеси келинин уруп-сабап үйдөн кууп чыкканы, себин да бербей койгону, жолдошу экөө чогуу алган үйүн туугандарына каттатып алып калганын айткан. Учурда Нэнанын жолдошу эки уулуна 5 миң сом алимент төлөйт экен. Бирок, аны да уруш-талаш менен алаарын айткан.

Нэнанын бул маегин окугандар анын кыйын айым экенин баса белгилеп, ырчынын жаркылдаган мүнөзүн, ажарлуу жүзүн айтып, сабырдуулугуна, кайраттуулугуна баа беришти.

Андан тышкары Нэна айым жаңы жыл алдында жаңы салынган үйлөрдөн эки бөлмөлүү квартира алып, учурда эмеректерди коюп жаткан жакшы кабарын билдирген.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу