Ырчы Майрамбек Осмоновдун “Сезимин” сындашууда…

Белгилүү ырчы, обончу, породист, тамада Майрамбек Осмонов социалдык желелерде активдүү отурат. Анын ар бир чыгарган ыры коомчулукка жылуу пикир калтырат жана ырлары дайыма хитке айланат.

Жакында эле ырчы Майрамбек Осмонов фейсбуктагы өзүнүн жеке баракчасына жакында жаздырган “Сезим” деген ырын сунуш кылды. Албетте, бул ырдын мукамдуу обону, сөзү көпчүлүккө жакканы тууралуу комментарийлер жазылып жатты.

Бирок, “бүткөн ишке сынчы көп” дегендей ырчынын бул ырына да ар кандай сындар айтыла баштады:

“Экоонор бири бирине айтышып жатасынарбы сезимдерди))”

“Бир жакка шашып аттыңар беле ))) батыраак ырдап бүтөлү дегендей угулду мага”

“Майрамбек жигиттин ордуна айым менен ырдасан мындан дагы керемет ыр болот го….”

“Чыгармачылык ийгилик аке! Сонун ыр, ушул ырда менин да жан дүйнөм, сезимдерим камтылган!!!”

Ушул сыяктуу жана ырчыны колдогон комментарийлер жазылууда.

Майрамбек Осмоновдун “Сезим” чыгармасы:

https://www.facebook.com/mairambek.osmonov/videos/…

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу