Ырчы Кундуз Канатбек наристе күтүп жатат…

Убагында “90-60-90 менин фигурам” деп ырдап, келбеттүү фигурасы менен элге таанылган сулуу ырчы Кундуз Канатбек кызы көптөн бери сахнага чыкпай, жаңы ырларды жаратпай калган эле.

Жакында өзүнүн интернеттеги баракчасына тун наристесин күтүп жатканын жар салган.

Мындан үч жыл мурун оор операция болуп, кыйналганын айтып, убактылуу сахна менен да кош айтышкан эле. Турмушка чыгып, жолдошунун ким экенин, дегеле анын жүзүн көрсөтпөгөн ырчынын чыгармачылыктан, сахнадан узак убакытка алыстагангынын себеби да билинди окшойт.

Мындан бир нече жыл мурун биринчи кезекке үй-бүлөнү коем, чыгармачылык кийинки планда, анткени көпчүлүк чыгармачыл адамдар тез эле ажырашып кетип жатышат деп белгилүү ММКлардын бирине айтканы бар эле. Балким Кундуз айым үй-бүлөнү биринчи кезекке койгондур…

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар! БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу