Ырчы Кумар мурдагы сүйүктүүсү Эркайымды туулган күнү менен куттуктадыбы?

 “Жебе” тобунун солисти катары таанылып өз күйөрмандарын тапкан Кумар Сагын уулу инстаграм баракчасына бейтааныш селкини жандап түшкөн сүрөтүн жүктөп:

“Туулган күнүң менен” –деп жазды.

Ырчынын куйөрмандары жа хейтерлери да бир ооздон сүрөттөгү бети жабылган кыз  Камчыбек Ташиевдин келини Эркайым Абдуллаева экендигин жазып калтырышты. Айрымдар «күйөөсү көрө өлтүрөт» -дешип ырчынын бул жооругун колдоого алышкан жок.

Бирок ырчы бул пикирлердин бирине да жооп берген жок. Бирок баары табышмак боюнча калды.

Буга кошумча белгилей кетүүчү жагдай мадель Эркайым Абдуллаева да кечээ туулган күнүн белгилеп жатканын жеке баракчасына кабарлаган.

Эске салсак, Эркайым менен Кумар Сагын уулу буга чейин кыз жигит болуп жүргөндүгүн ачыкташкан эле. Экөө кийинчерек белгисиз себептерден улам биз чогуу эмеспиз деген маалымат таратышкан.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу