Ырчы Ильгиз Абдалиев сүйүктүүсүнө баш кошту

Жаш ырчы Ильгиз Абдалиевдин эми жүрөгү гана эмес, башы да бош эмес. Себеби 8-август күнү ырчы мырза Минура аттуу сулуу менен баш кошту. Бул туурасында Ильгиз: “Минура менен 2014-жылы таанышканбыз. Эң кызыгы башында мен анын атын билбей эле “кофе” деп сактап алган болчумун. Себеби ал бизге кофени буйрутма менен алып келчү. Кийинчерээк гана жакшылап таанышкандан соң атын өзгөртүп, махабат сөздөрүн арнай баштадым. Анын назиктиги, ыймандуулугу, жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен сырты сулуулугу мени өзүнө багындырды. Негизи мага кара тору, бакыраң көз, кирпиги узун кыздар жакчу. Кыялымдагыдай кызды жолуктурганыма абдан сүйүнүп жатам”, — деп билдирди. Күйөө жолдоштук милдетти ырчы Аваз Акимов аткарып, тойго Ильгиздин ырчы достору Данияр Эрматов, Нурлан Насип, Нияз Абдыразаков катышты. Эки жашка бакыт каалайбыз, сүйүүңөр түбөлүктүү болсун!

Булак: Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу